Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “Кандай коом курабыз? Бизде бул маселе ачык бойдон калууда”

Айылчы Сарыбаев: “Кандай коом курабыз? Бизде бул маселе ачык бойдон калууда”

18-сентябрь, 10:01
166 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика илимдеринин доктору менен маек.

-- Айылчы ага, экономика жаатында дүйнөлүк тенденция кайда баратат? Кепти ушундан баштайлы.

-- Дүйнө жүзүндө саясый жана экономикалык каатчылык аябай жүрүүдө. Мурунку ири державалар атыккан өлкөлөрдө бул нерсе айдан ачык көрүнө баштады. Учурда Кытай мамлекетинин сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча ички дүң продукциясынын өсүшү 1-орунга чыкты. Америка 2-орун, Индия 3-орун, алтургай Россия 5-орунга көтөрүлдү. Бул орундарды буга чейин Япония менен Германия берчү эмес эле. Ал эми Россия-Украина согушу дүйнөнүн түзүлүшүн жаңы системага активдүү алып келе жатат. 

-- Россия бу согушта жеңилеби?

-- Жеңилбейт. Себеби, дүйнө жүзүндө Россиянын экономикалык потенциалы, өзүнүн территориясы, жаратылыш байлыгы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү да  чоң экенин билебиз.

-- А биздин Кыргызстандын экономикалык потенциалычы?

-- Биздики да жаман эмес. Мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону толугу менен иштете албай жатабыз. Учурда мамлектибизде “кандай коом курабыз? Кандай максаттарды, идеологияны туу тутуп алдыга жылабыз?” деген маселе ачык бойдон калууда. Мурун ЕАЭБге, ШОСко мүчө болдук. Ооба, азыр Евразия Экономикалык Биримдигине мүчөбүз. Ал эми ШОСко мүчө катары Кытайдын “Один пояс – один путь” долбоорунда да биздин татыктуу ордубуз бар. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер уюму дүйнөгө кулачын жайып атат. Биздин соода-сатык алакасы мен-мен деген Кытай, Россия, Казакстан жана Түркия мамлекеттери менен жүрүп атканын айтпай коюуга болбойт, булардын экономикалык байланышы абдан күчтүү. Андыктан, ээнооздукту жыйыштырып, кайсы мамлекеттер, кайсы уюм менен алакабыз күчтүү болсо, ошого карап, туура багытта иш кылышыбыз абзел. 

-- Жаңыдан чыккан БРИКС деген эл аралык уюм бар экенин билебиз...

-- Ооба, Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрү кирген эл аралык уюмду айтып атасың. Бу жагын да биздин өлкө карап көрүшү шарт. 2024-жылдын 1-январынан тарта Аргентина, Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабия жана Эфиопия мамлекеттери кошулуп калса, анда баардыгы 11 мамлекет болот. Бул да чек болбосо керек деп ойлойм. Колдон келсе ал уюм, андагы өлкөлөр менен да экономикалык алаканы, байланышты орнотуп койсок жаман болбос эле. Жогорудагы өлкөлөрдүн экономикалык потенциалы, территориясы жана элинин саны, жадагалса согуштук потенциалдары дүйнөдө 1-орунга чыгып атат. Мамлекеттер аралык кайра түзүлүштөр Кыргызстандын алдына чоң сыноолорду койду. Биз муну билип койгонубуз оң.

-- Ал эми Бириккен Улуттар Уюму эмне иш аткарып калды?

-- БУУ бүгүнкү күндө объктивдүү боло албай, өзүнүн маанисин, ролун жоготуп, принциптерин сактай албай калды. Дүйнөдө согушту болтурбоого күчү жетпей атат. Эгерде БРИКС ушундай темп менен жүрүп отурса, келечектеги БУУнун принциптерин, ордун, жумушун аткара турган чоң уюмга айланат. А БРИКСке жардамчы уюм катары ШОС жана чоң ЕврАзЭС – тиги жагы чыгыш Европадан баштап, бу жагы Ыраакы Чыгышка чейинкилерди айтып атам. Эми ошолордун ортосунда биздин Кыргызстан турат. Эгерде биз акыл-эс, илим-билимге таянуу менен кыймыл аракеттерди сабаттуу жасай алсак, БРИКС жана чоң ЕврАзЭС уюмдарынын чордону, борбору болуп калууга мүмкүнчүлүк ачылмак.

-- “Борбору” деп катуу айттыңыз, ашыкча кеткен жоксузбу?

-- Анткеним, өткөн кылымдын 90-жылдары эгемендик алганда “Бишкек шаары финансылык, андагы Ливандын негизги Бейрут шаарына окшоп экономикалык борбор болот” деген үмүтүбүз бар эле. Ошол кезде эркин экономикалык аймакты ачып жатканда өзүм жандуу катышып, негизги максатыбыз – “Манас” аэропортун эл аралык аба каттамындагы самолеттордун логистикалык борборуна айлантуу эле. “Чет мамлекеттеги каттамдар “Манас” аэропортуна конуп, заправка кылып, жеңил оңдоо иштерин жасап турушмак. Аны менен катар биздин өлкөнүн казынасына көп киреше кирет” деп эркин экономикалык аймакты курганбыз. Тилекке каршы, ошолордун баары аткарылбай калды. Эми ушуга аракет кылыш керек. Ансыз да көкүрөгүбүздү каккылап, “Манастын урпагыбыз, баатыр элбиз. Дүйнөдө бизге теңдештер жок. Акылыбыз ай ааламды сапырат, азуубуз айды жанат. Жаштарыбыз илим-билимдүү” деп келебиз. Эмнеге болбосун, жакшыдан үмүт үзбөйлү!        


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер