Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошов ИИМ орун басарлыгын жана генералдыкты алуу үчүн Түмөнбаевге 100 миң доллар бергенби?

Жолдошов ИИМ орун басарлыгын жана генералдыкты алуу үчүн Түмөнбаевге 100 миң доллар бергенби?

15-май, 22:39
1 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезити буга чейин ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаевге суроо жолдогон. “Кайсы полковниктен 100 миң доллар алгансыз? ИИМ орун басарлыгына коюп, генералдыкты убада кылдыңыз беле?” деп. “Ак” же “көк” дебей койгон. Төөкуштай башын жерге тыгып... Эми теманы улай, соболубузду көмүскөдө келаткан Кылыч Жолдошовго жолдойлу. “Сиз президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаевге ИИМдин орун басарлыгын жана генералдыкты алуу үчүн 100 миң доллар бергенсизби? Учурда убадаланган кызмат менен жогорку даражаны акыя күтүп отурганыңыз чынбы? Же алданып калдыңызбы?” деп туралы. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Мына ушундай “кыңыр иштер” тымызын жүрүп аткан соң, министр Улан Ниязбеков экөөнө тең эшигин жаптыбы?.. 

Эске салсак, бүгүнкү күндө Кылыч Жолдошов Бишкек ШИИБ орун басары болуп отурат. Кылган иши жок, ай караган текедей болуп... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер