Акыркы кабарлар
» Саясат » Ыйман сабагын киргизүүнү каалаган депутатка динчилдердин добушу керекпи?
Ыйман сабагын киргизүүнү каалаган депутатка динчилдердин добушу керекпи?
13-сентябрь, 11:39
1 186 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ушундай. “Ыйман сабагын мектепке киргизиш керек” деп Жогорку Кеңештин бир депутаты дөөрүп чыгып, ал коомчулукта талкуу жаратты. Илим, билим министрлиги китептер менен толук кандуу камсыздай албай жатканда, бул предмет менен кантип толуктайт? Методикасы кандай болот? Же куранды киргизеби? Айтор, түшүнүксүз. Ашыкча баш оорутууну баштагандар – шайлоо келатканда ашкере динчилдерден упай алууну көздөгөндөрбү? Ыйман сабагы кирбесе деле мугалим таалим-тарбия берет, үйдөн ата-эне, туугандары балдарга акыл үйрөтөт, жакшы насааттарын айтышат. Сөзсүз эле диндешип кетүү керекпи? Же ошол депутат сөрөй “киргизиш керек” деп койгондон кийин, андан аркы жагын да түшүндүрүп бербейби?
"Азия Ньюс" гезити