Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Алга Кылычев Атамбаевге жана КСДПчыларга каршы көрсөтмө бере баштады
Алга Кылычев Атамбаевге жана КСДПчыларга каршы көрсөтмө бере баштады
08-октябрь, 09:54

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурунку президентке каршы көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирген.
Адвокаттын айтымында, Алга Кылычев менен тергөө кызматташуу тууралуу макулдашуу түзгөн болушу мүмкүн.
“Ал билдиргендей, Алмазбек Атамбаев бийлик басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого белсенген имиш. Ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана жан сакчы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берди. Алга Кылычевдин айтымында, ушул адамдар тополоң уюштурууга жана барымтага алууга тийешеси бар“, - деп айтты Замир Жоошев.
Аryba.kg