Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркин Тентишев чүйлүктөрдү көтөрөбү, же өзү кошо көмөлөнүп кетеби?

Эркин Тентишев чүйлүктөрдү көтөрөбү, же өзү кошо көмөлөнүп кетеби?

18-март, 21:25
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Уруучул, жердешчил адам эч убакта мамлекеттик кызматта ийгилик жарата албайт. Бул жагын чечмелөөнүн кажети жок. Түшүнүктүү. Эске салсак, үчкө бөлүнгөн солтолордун бир ажырымына башчы катары шайланган Эркин Тентишев Чүй облусуна губернатор болду. Мурда жетекчи катары өзүн көрсөтө албаса, ишкерликте да белгисиз эле. Медициналык окуу жай ачып, чуу болгону ЖМКда сындалууда... Бирок байлыгы менен арбап коёру айтылып келет. Кандай болгон күндө да Чүй облусунун элитасында анчейин кадыр-барктуу эмес. Эл деле көп тааныбайт. Бирок Эркин мырза чоңдорго карата сыйкырдуу амалдары аркылуу жагып калганын кантесиң? Алгач ишин баштабай жатып, пиар менен алектенгени да өөн учурады. Колунан келсе көтөрөлү, иштей албаса сындайбыз! 1 миллиондон ашык калкы бар чүйлүктөрдүн көйгөйлөрү да оңой эмес. Түйшүк оор... А баса, өткөн жылдарда Эркин Тентишевдин офисинен 1 миллион доллардан ашык каражат тонолуп кеткени боюнча жазылган. Ал жагы табылбай калган го? Балким уюшкан кылмыштуу топтордун артынан түшүп, күрөшүүгө духу жеткен жокпу?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер