Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Мамытбек мурда да соттолгон күйөөсүн сотко берди

Гүлзат Мамытбек мурда да соттолгон күйөөсүн сотко берди

29-ноябрь, 16:42
1 591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын эле эмес, планетанын деми болом деп коомчулукка мотивация берген ырчы  Гүлзат Мамытбек дагы бир ызы-чуунун чордонуна айланды.

Ал мурдагы жолдошун сотко берди. Буга ырчынын мурдагы жолдошу Талант Курманкуловдун кол көтөргөнү себеп болгонун айтат. Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашып жатканда, үйүнө барса киргизбей, ичке тээп, кубалап чыккан. Мындан улам ал Чүй облустук сотуна арыз менен кайрылган. Ырчынын айтымында, сот декабрь айында болот. Ошондой ал эле мурдагы жолдошу 2016-жылы "бейбаштык" беренеси менен соттолгонун кошумчалады. 

Ушул жылдын февраль айында Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашкан мезгилде балдары жана үйү жолдошунда калган. Ал балдарын жана үйүн өзүнө алуу максатында Сокулук райондук сотуна кайрылган. Бирок сот Талант Курманкуловдун пайдасына чечип берген. 

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкуловдун ортосунда 3 бала бар. Учурда ырчылык менен да алектенип жүргөн Гүлзат Мамытбек америкалык режиссёр Хуан Буэндиага 2018-жылдын декабрь айында турмушка чыккан.

Бирок Хуан Буэндиа менен азыр чогуу жашабайт.

Aryba.kg 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер