Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуш чыгып кетишине Мадумаров менен Молдокматов күнөөкөрбү?

Согуш чыгып кетишине Мадумаров менен Молдокматов күнөөкөрбү?

10-май, 12:12
1 850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Камчыбек Ташиевди азыр кимдер гана сөккөн жок. Тажиктер менен абалды курчутканы чын. Туура эмес көп сүйлөп, “сууну да буруп салам” деп айтканы бар. Бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ак ниеттен чек араларды бекитип алууга аракеттеништи. Ал эми Адахан Мадумаров, Жеңиш Молдокматов сыяктуу популисттер каршы чыккандары, элди дүрбөткөндөрү – түпкү улуттук кызыкчылыкка чоң чыккынчылык болду да, туурабы? Азыркы учурда Кыргызстан биринчи кезекте Өзбекстан менен да чек араларыбызды тактап алганыбыз эң оорчундуу маселе. Бир айдын ичинде Ташкент менен дагы бир жолу такталган документти өкмөт тарабынан бекитип, Жогорку Кеңештин ратификациясына чыгарыш керектигин азыркы абалды терең түшүнгөндөр бир добуштан айтып атышат. Өтө чоң коркунуч жаралып турат. Бүгүн такталбаган, бекитилбеген чек арабыз эртең күмөн жаратып кала берсе эмне кылабыз? Кокус бирдеме болсо, өзүбүздү канчалык кыйын эсептебейли, эки фронтко согушуп калышыбыз мүмкүн. Өзбек туугандар Сохтогу этникалык тажик (бирок паспорту өзбек) калкын коргоо үчүн анклавга коридорду күч менен киргизүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланбайбы? Ким кепилдик бере алат? Ошондуктан улутчул популизмди тим коюп, эсибиз барда этегибизди жыялы, туугандар!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер