Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектин мээси айныган мэрлери, же Бакыт Кудайбергеновдун кедери...

Бишкектин мээси айныган мэрлери, же Бакыт Кудайбергеновдун кедери...

03-июнь, 10:11
1 931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ бусиктер иш таштап, шаардын эли самсып көчөдө калды. Эми бул биринчи жолу болуп жаткан жери жок. 2004-жылдан бери эле маал-маалы менен кайталанып келатат. Эл ташыган жеке менчик фирмалар жол кире жана башка көйгөй болсо эле шаардын элин көчөгө таштап, иш токтотушат. Мунун себеби, алар жеке менчик: кааласа иштейт, каалабаса төрт тарабым кыбыла (!) деп басып кетишет. Аларга мындай шартты Бишкектин мээси жок мэрлери түзүп берген.

Себеби, дүйнөнүн бир да мегаполисинде транспорттун 90 пайызы жеке менчикке берилген эмес. Анткени бул муниципалдык транспорт стратегиялык чарба болуп саналат. Аны түшүнбөгөн Бишкектин мээси айныган мэрлери  транспортту (троллейбустан башкасы) толугу менен жеке менчикке берип, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазаларды талап-тоноп, муниципалдык транспорту жок, соодасы бүткөн сарттай болуп жеке фирмалардын көзүн карап отуруп калышкан. Бул маселе башкы прокуратура тарабынан териштирилиши керек. 

Муниципалдык транспортту калыбына келтирбесе, автобустардын паркы толукталып жаңыланбаса, бусик фирмалар ыргыштап, билген намазын окуй берери бышык...

Кыскасы, учурдагы Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бакыт Кудайбергенов өз милдетин аткара албай, шаардыктарды бийликке каршы тукургандай жорукка барды. Алдын ала маселени чече албаса, жол жүргүнчүлөрүнө шартты камсыздабай мүдүрүлсө, тек гана кетпейби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер