Садыр Жапаров социалисттик капитализмди куруп жатат

Кыргызстандын мурунку төрт президенти капиталисттик социализмди курган, бешинчи президент Садыр Жапаров социалисттик капитализмди куруп жатат. Бул XXI кылымдын саясатындагы жаңы гибриддик саясый-экономикалык формация, ноу-хау.
Адамзат цивилизациясы эл арасындагы интеллигенцияны жарандар менен алардын башкаруучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай жолдорун издөөгө түрткөн көптөгөн тарыхый мисалдарды билет. Мисалы, Байыркы Афинадагы улуттук жыйын – экклезияга (кыргызча – курултай) токтолсок, 20 жашка чыккан баардык жарандардын чогулушу болгон. Ал дээрлик мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигине ээ болгон. Чиновниктерди шайлап, атүгүл сот иштерин карап, аткаруу ишин көзөмөлдөгөн. Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган өзгөчө учурларда, айлана-чөйрөдөгү айылдардын тургундары саясаттын жарандары менен бирге чукул жыйынга чакырылган.
Орто кылымдагы ойчул Томмазо Кампанелла “Күн шаары” деген китебинде карапайым элдин кыял-тилектерин, ошондой эле жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусун сүрөттөгөн.
Француз революциясы король Людовик XVIнын бийлигин токтотуп, мыйзам чыгаруу жыйынын түзүп, республиканын Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Улуттук конвенцияны чакырган (кыргызча – курултай). Конвенцияга шайлоого 21 жаштан жогорку баардык эркектер (кызматчылардан башкасы) катышкан. Ошентип, Улуттук конвенция дээрлик жалпы шайлоо укугунун негизинде түзүлгөн Франциянын биринчи курултайы болуп калды.
Наполеон I Бонапарт революцияны кызуу колдоп, андан бир нече жыл өткөндөн кийин мамлекеттик төңкөрүш жасап, Франциянын тарыхындагы эң катаал диктатордук режимди орнотуп, эл бийлигинин жетишкендиктерин толугу менен “көмгөн”. Бирок өлөр алдында Ыйык Елена аралында өзүнүн түрмөсү үчүн атайын оңдоп-түзөөдөн өткөн аткана сарайда каза болуп жатып, керээз калтырган: «Баардык келечектеги диктаторлорго мен өзүмдүн уятымды жана өмүрүмдүн акыркы күндөрүндөгү шермендечиликти калтырам!».
СССРдин тушунда чыныгы социализмди куруу аракети болгон. Анда эл депутаттарынын Жогорку Советтери иштеп, анын мүчөлөрү калктын баардык катмарынын өкүлдөрү эле. Бирок, бул системаны Горбачев башында турган компетентсиз саясатчылар ийгиликтүү “талкалашкан”.
Коом менен мамлекеттин ортосундагы мамилени жакшыртуу боюнча көптөгөн идеялар эл ичиндеги ышкыбоздордон чыккан жана ушул идеялардын негизинде мамлекеттүүлүктүн принциптери курулган.
Курултай институту да элдик акылмандыктын пайдубалынан келип чыккан. Мындай институт бийлик менен элдин ортосундагы эң адилет жана тең салмактуу мамиленин вариантын билдирет. Өткөнгө көз чаптырсак, чыныгы демократия Байыркы Афинада, ошондой эле кыргыздардын көчмөн урууларында пайда болгон. Кийинки кездерде алигархия жана бийликте тургандар демократиялык эркиндиктерге, укуктарга жамынып, негизинен өздөрүнө жакын кызыкчылыктарды көздөп келишкен.
Цивилизация туюкка жакындап, өзөктүк согуштун босогосунда турган XXI кылымда Курултай институту адамзатты башкаруунун эң ыңгайлуу формасына алып барышы мүмкүн.
Акыркы отуз жылда Кыргызстан социализмди да, капитализмди да сынап көргөн тарыхый лабораторияга айланды. Бирок даанышман элибиз учурда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатын изилдеп жатып, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусунун бирден-бир чыныгы формасы катары Курултай институту чукул арада зарыл (!) деген жыйынтыкка келген. Мунун сыры кымбат үгүт иштерин жүргүзүүгө муктаж болбогон катардагы жарандык активисттер курултайга делегат болуп шайланганында. Аларда депутаттар сыяктуу жеке артыкчылыктары жана жеңилдиктери жок, олигархиянын эмес, элдин көпчүлүгүнүн өкүлү.
Маселен, биздин эки чакырылыштагы курултайда басымдуу көпчүлүк карапайым жумушчулар менен пенсионерлердин өкүлдөрү болушту. Өткөн эки чакырылышта тең чындап эле элди түйшөлткөн көйгөйлөр көтөрүлүп, анда өлкө президенти Садыр Жапаров аткарылган иштер боюнча отчет берди. Анткени, курултайдын максаты мына ушул – бийлик бутактарынын баары эл өкүлдөрүнө отчёт берүү. Бул бийликти тартипке салып, таза жана ачык иштөөгө түрткү берет.
Былтыр курултайдагы эл өкүлдөрүнүн саны 1200дөн 700гө чейин кыскартылган. Мындан ары да кыскартыла бериши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен ал коррупциялашкан органга айланып кетиши да мүмкүн. Ошондуктан аны кыскартпай, кеңейтүү керек. Мен республикадагы 40 райондун ар биринен 50 өкүл шайланышы керек деп эсептейм. Курултайда эл менен бийликтин ортосундагы пайдалуу өз ара түшүнүүнүн таасири күчөйт.
Бакыт Бакетаев, саясый талдоочу
"Азия Ньюс" гезити