Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто 5-кабаттан секирген кыздардын окуясы

Ошто 5-кабаттан секирген кыздардын окуясы

07-июнь, 17:27
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин Ош облусунда эки окуучу кыз 5-кабаттан боюн ташташкан. Аталган окуя боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздар эмне себептен боюн таштаганы аныкталды. Бул туурасында ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгиледи.

Жыйында депутат Таалайбек Масабиров “өспүрүмдөр арасындагы суициддер боюнча иликтөө жүргүзүлүп, себептери аныкталабы?” деген суроо берди. 

Нуржан Адылова белгилегендей, бүгүнкү күндө 20дан ашык суицид фактылары катталса, анын көбү бала менен ата-эненин пикир келишпестигенен улам келип чыккан. "Бүгүнкү күндө ата-энелердин балдарына болгон жоопкерчилиги өтө төмөн. Балдарыбызды мектепке кеткенде, келгенде жана кийимине эле карайбыз. Ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын сурап, сүйлөшпөйбүз. Ал эми Ошто катталган эки факты боюнча айтсам, бир жолкусунда эркек бала, кийинкиде эки кыз секирген. Бул фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, бала сүйгөн кызына жетпей калып секиргени аныкталды. Ал эми эки кыз ошол баланы жакшы көрүп жүрүшүп, "биз деле анын артынан секирип кетебиз" дешкен" дейт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер