Тимур Саралаев, саясат талдоочу: “Кырсык айттырбай келет, ага даяр туруу мүмкүн эмес, бул табият”
-- Жаз айынан бери улам сел кырсыгы тооруп, ӨКМ кызматкерлерине түрдүү сын, нааразычылык айткандар жок эмес...
-- Жер жүзү бир да күн тынч болбой, ар жерде түрдүү кырсыктар болуп атканын көрүп жатабыз. Мына, жаздын башында коңшу боордош казак элине чоң суу келип каптаганда, Кыргызстан колунан келген жардамын аябай кол сунган. Анда биздин эл-журт кол чаап “айлансам болот элимден” деген алкыш сөздөрдү айтып-жазып калган элек. Соцтармактарда казактар кыргыздарга ыраазычылыгын билдирген сөздөрдү көрүп, окуганда, өзүбүзгө өзүбүз сыймыктанып турдук.
Ал эми алыскы Түркиядагы бир туугандарыбызды чоң кырсык басып, жер катуу силкинип, 50 миңден ашуун адам каза болгондо, Кыргызстандын куткаруучулары күнү-түнү ураган үйлөрдүн алдынан аман калган адамдарды ажалдын оозунан сууруп жатканын көргөн көздөрүбүздөн жаш айланып, жүрөктөгү кайра эле сыймыктануу сезимдер толкуп-ташып, “кыргыздын куткаруучуларына терең таазим!” деген сыяктуу сөздөрдү аябай айтып, жазып, билдирип жаттык.
Ал эми өзүбүздүн мекенибизге табияттын сыноосу басып келгенде, эмнеге аларды кубаттабай, тескерисинче басынтып, алардын ишинен кемчилик издегенге ооп, айрымдардын өйдө-төмөн сөз чыгарышына жол бердик? Кырсык айттырбай келет, ага даяр болуу мүмкүн эмес, бул табият. Ооба, даярдык көрүшү, жоопкерчилиги мамлекеттин тийиштүү органдарында. Бирок, жергиликтүү элдин арасынан чыккан ыктыярчы эр-азаматтар ӨКМ кызматкерлерине жардам берип жатса, аны ар ким өз кызыкчылыгынын артынан ушундай татаал мезгилде да кемчилик издегенге убакыт таап жатканы таңкалычтуу. Менимче, ага убакыт табылат, ал эми көңүл табылбайт.
Ушундай кыйын күндөрдө ӨКМде кызмат өтөп жаткан биздин куткаруучулардын көңүлүн түшүрбөй, тескерисинче кубаттап туралы.
"Азия Ньюс" гезити