Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки баланын энеси катары үй-бүлөмдү сактап калгым келет, бирок...

Эки баланын энеси катары үй-бүлөмдү сактап калгым келет, бирок...

10-август, 23:51
132 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Турмушка чыкканыма бир нече жыл болду, эки уулубуз бар. Бирок акыркы эки жылдан бери жашоодо эзилип эмне кыларымды билбей калдым.

     Жолдошум улуу уулубуз төрөлүп, кырк күнү чыга электе эле өзгөрө баштаганын байкагам. Кийин анын аялзатына жакын адам экенин түшүндүм. “Балким убактылуу нерседир, өтүп кетер деп ойлогом. Бирок, тескерисинче, жылдан-жылга абалыбыз оорлоп баратат. 

     Жолдошум Москвада таксист болуп иштейт. Акыркы эки жылдан бери бизден алыстап, үйүнө келүүгө деле көңүлү жок. Баарыбыздан качкандай мамиле кылат. Мен өзүмдү карабай, үй-бүлөмө көңүл бурбай жүргөн аял эмесмин. Ошентсе да анын мага болгон мамилеси күндөн-күнгө өзгөрүп баратат.

     Алыста жүргөндө «сагындым» дейт. Бирок иш жүзүндө үй-бүлөсү менен бирге жашоого аракет кылбайт. Москвада башка аялдар менен жүрөт деген шегим бар. Бирок өз көзүм менен көрбөгөн соң, так далилдей албайм.

     Кээде ачык эле айтып сурасам, «ал кыздар бир-эки күндүк эле нерсе, эркек болгондон кийин жүрөм да» деп орой жооп берет. «Мен силер үчүн эле жүрөм бул жакта» деп кайра актанып коёт. Бирок анын сөзү менен кылган мамилеси бири-бирине такыр дал келбейт.

     Азыр төркүндө жүрөм. Так чечим чыгара албай кыйналып жатам. Үйгө барсам да, калсам да жүрөгүм тынч эмес. Кээде келинибизден да аябай уялам. Ал «балдарын атасы сагынбайбы?» деп сурап калса, эмне деп жооп беришимди билбей калам.

     Эки баланын энеси катары үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Бирок өзүмдүн да адам катары сый-урматка, мээримге жана тынч жашоого укугум бар эмеспи... Эки жылдан бери ичимден сынып, өзүмдү жалгыз сезип келем.

     Ушундай абалга туш болгон аялдардан кеңеш сурайм. Мындай учурда эмне кылган туура? Үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылайынбы же өзүмдүн жана балдарымдын келечегин биринчи орунга коюп, башка чечим кабыл алганым оңбу?

                                                           Айнура
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер