Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзада Усупова: «Биздин кардарга мамлекет кепилдик берет жана Улуттук банктын уруксаты бар»

Айзада Усупова: «Биздин кардарга мамлекет кепилдик берет жана Улуттук банктын уруксаты бар»

06-декабрь, 17:49
2 856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Ак-Босого» турак жай сактык кредиттик компаниясынын» төрайымы менен маек.

-- “Ак-Босого” программасы качан иштеп баштады, шарттары кандай?

--«Ак-Босого» турак жай сактык кредиттик компаниясы» ачык акционердик коому мамлекеттик ипотекалык компаниянын демилгеси менен министрлер кабинетинин «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» жана «Менин үйүм 2021-2026» программаларында көрсөтүлгөн контракттык турак жай аманаттарынын механизмин ишке ашыруу, жарандарга турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Улуттук банктын лицензиясынын негизинде турак жай аманаттарын кабыл алат, турак жай насыяларын берет. Ошондой эле коммерциялык банктарга караганда кыйла арзан пайыздык чен менен үй сатып алууга, турак жайды оңдоп жана жакшыртууга (курулуш материалдарын сатып алууга, куруучулардын эмгек акысын төлөөгө), үй салууга (жер тилкесин сатып алууга) насыяларды берет. 

-- Канча мөөнөттө үй алуу мүмкүн, кандай документтер талап кылынат? 

-- Үстөгү 8% же андан арзан жылдык пайыздык чен менен турак жай насыясын алуу үчүн алгач турак жай сактык аманатын ачып, сарптала турган сумманын жарымын ай сайын толуктап чогултуу керектелет. Биз менен келишим түзүү үчүн жарандын паспорту талап кылынат. Программа баардык жарандар үчүн ачык. Ал эми үйдүн каражатын чогултуунун минималдуу мөөнөтү – 36 айды түзөт. Алгачкы сумма 3000 сомдон башталышы кажет, калган айларда төлөнүүчү каражаттын көлөмү дагы мындан жогору же ушул сумманы түзгөнү туура. Кардарлар биз берген насыяны 15 жылда төлөп бүтсө болот. 

-- Кадимки кооператив уюмдардан айырмасы эмнеде?

-- Эң биринчи айырмачылыгы – мамлекеттин кепилдиги. Кардарга мамлекет кепилдик берет жана Улуттук банктын уруксаты барСактык кредиттик компания мамлекеттик турак жай программасынын алкагында иштейт, өлкөбүздүн банк системасынын субъекти. Улуттук банк компаниянын ишин жөнгө салат, көзөмөлдөйт. Кооперативдердин иши Улуттук банк тарабынан жөнгө салынбайт, көзөмөлдөнбөйт. «Аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, «Ак-Босого» компаниясы мамлекеттик аманаттарды коргоо агенттигинин мүчөсү жана биздин компаниянын аманаттары мыйзамга ылайык коргоодо. Кооперативдерде мындай жоболор каралган эмес. Мындан тышкары, компания республикалык бюджеттен каржыланат. Уставдык капиталы дагы бар. Эч кандай комиссиялык жыйымдарды же компаниянын эсебинде калып кала турган баштапкы төлөмдөрдүн суммасын кабыл албайт. Кардарлар төккөн акча алардын гана эсебине түшөт. «Ак-Босого» топтолгон аманаттардын суммасына жылдык 3% өлчөмүндө күнүнө сый акы эсептеп турат. 

-- Тактап айтканда, үч жыл ичинде сумманын 50 пайызын төлөгөн кардарларга компания калган каражатты 8 пайыздык үстөгү менен берет. Үч жылдык мөөнөт узун эмеспи? 3-4 айда 50 пайыз сумманы төлөп үй алса болобу?

-- Компаниянын  учурдагы жоболоруна ылайык, минимум 36 айдан кем эмес убакыттын ичинде турак жайга керектүү сумманын 50 пайызы чогулгандан кийин гана насыя бере алат.

-- Келишим түзүү үчүн кеңсеге келиш керекпи же онлайн толтуруу мүмкүнбү?

-- Турак жай сактык аманатын ачуу үчүн паспорт гана талап кылынат. Келишимге кол коюу үчүн кеңсеге келиш керек. akbosogo.kg сайтындагы аманат ачууга билдирмени онлайн толтуруп койсо, биз байланышып, келишимди ал адамдын келер күнүнө ылайыктап даярдап коёбуз. Учурда келишимди онлайн түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер