Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россиядан Кыргызстандын мектептерине 150 мугалим келет

Россиядан Кыргызстандын мектептерине 150 мугалим келет

08-ноябрь, 17:10
601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия Федерациясынын билим берүү министрлиги 2023-жылы Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалимди “Чет өлкөдө орус мугалими” долбоорунун алкагында жиберүүнү көздөөдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, долбоордун алкагында Россиянын билим берүү министрлиги менен Кыргызстандын билим берүү министрлигинин ортосунда 2023-жылы 150 мугалим КР мектептерине жибериле тургандыгы боюнча келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары, Россия Федерациясынын билим берүү министринин орун басары Денис Грибов менен Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова республикада курулган мектептердин бирин иштетүү боюнча келишимге кол коюшту. 

“Окуу жайда окутуу орус тилинде жана россиялык билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлөт” деп белгилешти башкармалык.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер