Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кокон хандыгына айландыруу аракети башталды

Кокон хандыгына айландыруу аракети башталды

30-март, 00:53
893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин президенттик шайлоого катышуумдун бир гана себеби болгон: мен криминалдын жардамы, аткезчилик жол менен табылган арам акча жана коркутуу жолу менен келе жаткандарды көрүп турдум. Бүгүн биздин өлкө мына ушул топтун бийлигинин алдында калды. Менин Садыр Жапаров жана Бакиевдер жөнүндө айткан чындыгым үчүн алар мени темир тор артына камай тургандарын да алдын ала билгем. Буйрук берилди, эми ошол буйрукту тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор кынтыксыз аткарып жатышат. Бирок, айып менде эмес. Алар мага эмне кылышпасын, мейли СИЗОго камашабы, жакындарым менен жолуктурбастан, кандай гана жалган менен токулган күнөө коюшпасын, мен баардык сыноолорду жеңем, Бакиевдин маалындагыдай кылып өлтүрүп эле коюшпаса, эртеби-кечпи эркиндикке чыгам. Бул жерде маанилүү нерсе башка, жаңы келген бийлик Кокон хандыгынын маалындагыдай кылып, биздин өлкөбүздү хандыкка айландыруу аракетин көрүп жатышат. Бүгүн менин жана айрым инсандардын боштондугу үчүн күрөшүүгө чакырам. Биз бүгүн биздин эркиндигибиз жана мамлекетибиздин демократиялуулугун сактап калуу үчүн күрөшүүбүз зарыл. 

Бир кишинин “Ханституциясы” кабыл алынбай туруп, айтылган сын-пикирлер үчүн айрымдарды темир тор артына камай башташты. Эгер бир кишинин бийлиги толугу менен орносо, ал тараптан кандай аракеттер болорун эмитеден көрүп турам. 

Же алар көчөлөрдө адамдарды ачык эле өлтүрө башташабы? Биз муну 2005-2010-жылдары көргөнбүз. Мындай аракеттер 2010-жылдын 7-апрелинде эмне менен аяктаганына да күбөбүз. Азыр эл ачык эле кооптоно баштады. Бирок, биз коркпошубуз керек. Булардын колдорунан камап, сабап, соттогондон башка эч нерсе келбейт. Ошондо да булар кыргыз элинин эрктүүлүгүн талкалай алышпайт. Азыркы бийликтин кожоюндары бар – алар Лондондо, Минскиде. Бирок биздин Кудайыбыз бар. Жаратканым элибизди коргоп, эркиндигибизди, эгемендүүлүгүбүздү сактасын! Бийликтен коркпошубуз керек, ошондо гана алар элден коркуп, сестенип турушат!


Абдил Сегизбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер