Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райымбек Матраимовду каралаган сайын кадыры өсөт

Райымбек Матраимовду каралаган сайын кадыры өсөт

30-октябрь, 19:30
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алсыздар ар дайым Райымбек Матраимовду каралоого алышып, ар кандай жомокторду жармаштырып келишет. Бул нерсе коомчулуктагы жат көрүнүшкө айлангандай. “Саман учту десе, Самарканд өрттөнүптүр” дегендей ишара. Деги көз боёмочулукту качан токтотобуз?

Реалдуулуктан алганда, анын кызматтан кеткенине 6 жылдын жүзү болуптур. Бирок Батыштын “кулдары” менен көралбастар копшолушуп, улам эле каралоолорду баштап калышат. Бир жагынан буюртма берилсе, жапатырмак ылай чачыратуу менен алектенип жатышмай. Эмне үчүн? Себеби, Райымбек мырзанын коомчулуктагы аброю бийик да, саясый элитадан карапайым элге чейин сыйлашат. Кокус кандайдыр бир иш-чарага, же тойго барып калса, баары тең жогорку урмат-сыйда кабыл алышат. Артында калың электораты, ишенимдүү колдоочулары бар. Кыргыздын сыймыктана турган уулу! Ал эми элге жасаган жакшылыктарын санай берсек, сан жетпейт... 

Көрсө, атамзамандан бери канга сиңген терс көрүнүш бар тура: мыктыны, алдыга суурулуп чыккан азаматты буттан чалабыз. Ичибиз тар, мурдубуздан алысты көрө албайбыз, ушундай. Бузукулардын айынан кыргыздын канчалаган көйкашкалары садага чабылып келишет? Натыйжада, Райымбек Матраимовдун коомго тийген кесепети, жамандыгы болсо биз көрмөкпүз. Эл да айтмак. Тилекке каршы, кумурскага да ак санаган инсанга куру жалаа жаап, жел сандар менен каралап, кайда баратабыз? Дегеле кызматта иштеген ар бир адам жаңылса керек. Эгерде андан кайсы бир мүчүлүштүктөр кетсе, убагында мамлекетке жардам катары 2 миллиард сом которгонун, мүлктөрүн өткөзүп бергенин кайда жашырабыз? Чайпалбаган сабырдуулугуна карап, улам тийише бергенибиз акылга сыябы? Бул убакыт да өтөт, талдана турган күндөргө да жетебиз. Алтынды дат баспаган сыңарындай, Рыйымбек мырзанын салабаттуу мүнөзүн, ички дүйнөсүнүн кенендигин айталы. Акыры ийгилик жылмаят, убактылуу тартылган сур булут да тарайт. Колдой жүрөлү, балдар... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер