Министр Жунушалиев президент Жээнбековду кантип уят кылды?
Пандемия апаатында президент Сооронбай Жээнбеков обсервацияларды кыдырып, ооруканалар менен таанышып жүрдү. Вирус курчуп турса да маанилүү иш-чараларды жүргүзүп, элдин камын көрүп жатты. Атургай, коронавирустан каза болушкан Чубак ажы менен каарман кыз Адинайдын үйүнө барып, куран окутту.
Ал эми ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев ушу күнгө чейин кабинетинен чыкпай, жашынып жатканы кандай? Кагаздарга кол койдурганы келген бакыйган кызматкерлерин кабыл албай, кабылдамасынан эле артка кайрытканы эмнеси? Бул жагы өздүк курамда уу-дуу кепке айланды. Таңгаласың, министр оор шартта каза тапкан милиция кызматкерлерине кам көрбөгөнү, жада калса куран окутпаганы өкүнүчтүү. Кайдыгерлик! Алар элдин коопсуздугу үчүн иштеп жүрүштү да, туурабы?
Аныгында, системада Кашкар Жунушалиевдин кадыры кетип калганы, ачык айтып чыгышпаганы менен көпчүлүгү сөгүп атышканы эмнеден кабар берет? Кызматкерлери сыйлабаса кайдагы иш болмок эле? Алдыда парламенттик шайлоо: эл арасында ар кандай кагылышуулар, нааразычылык акциялары жаралып, толкундоолор чыңалып кетсе кантебиз? Милиция кырдаалды жөнгө салып, алдыртан коопсуздукту камсыздоо боюнча иштеш керек эмеспи. Министр коомчулукка чыга албаса, жашынып жатса кайдагы туруктуулук болмок эле? Андыктан, Кашкар Жунушалиевдин ордуна ишбилги, профессионал кадрды кое турган кез келди. Ошол эле ИИМдин борбордук имаратында чыйрак полковниктер бар, алыстан издебей эле коюш керек...
Айтмакчы, Кашкар Жунушалиев башкы башкармалыктардын начальниктери менен ит-мышыктай ырылдашып, бири менен да иш боюнча тыңгылыктуу сүйлөшө албайт экен. Биягын минтип былгытып салса, башкасы жыргап кетмек беле? Жогор жактагылар анализ кылбайбы? Президенттик аппарат ИИМ ичинен жашыруун сурамжылоо жүргүзүп, өздүк курамдын маанайын билип көрбөйбү? Ошондо биздин жазганыбыздан да кейиштүү картина тартылмак. Кыскасы, Кашкар Жунушалиев президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимин актабай, “кашаңдыгы” менен уят кылууда. Шишикти убагында кесип ыргытпаса, аягында азапка салчу эле. Жардан ары кулап кеткиче жарамдуу министрди дайындоо керек. А болбосо абал чатак!
Aryba.kg