Акыркы кабарлар
14:12
» Саясат » Кемпир-Абад боюнча камалгандарга “каралардын” тийбегени шүгүр
Кемпир-Абад боюнча камалгандарга “каралардын” тийбегени шүгүр
23-январь, 09:00


Абактагы саясатчы, активисттер “каралар” тарабынан кордук көргөнү боюнча арызданышкан жок. Биздин угушубузга караганда, бул жагынан аларга кысымдар болбогону кубандырды. Укук тебелөө, кылдан кыйкым издөө, басынтуу, салык салуу сыяктуу терс жагдайлар катталбаптыр. Сыягы, бул чөйрөнүн башкаруучусу тарабынан оппозиция мүчөлөрүн сындыруу, блогерлерди бууп салуу тапшырмалары берилген эмес окшойт. Саясат сымап сымал өзгөрүлүп турат эмеспи. Аралашуу да опурталдуу. Андыктан, Кемпир-Абад боюнча камалгандарга тескери реакция, басым-кысымдар жасалбай, түрмө эркиндиги берилгенине Кудайга шүгүр. Терең ойлонгон адам гана жолунан адашпайт.
"Азия Ньюс" гезити











