Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңишкүл Өзүбекова: “Ак кепиндүү декабрь”

Жеңишкүл Өзүбекова: “Ак кепиндүү декабрь”

22-декабрь, 13:13
1 938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү жазуучу, драматург эжебиз Жеңишгүл Өзүбекова кызын эскерип төмөндөгүдөй пост калтырды.

“22-декабрь 2004-жыл

Ошол кыштын суугундай суук көрбөпмүн,

Сууктан эмес, суук кабардан өлбөпмүн...

Сыртта ак кар, ак кепиндей жайылган,

Мени оросо ойлонбостон көнмөкмүн!

Тагдыр менин арт жагыман таш уруп,

Күйүт берди бербес жерден ашыгып.

Кантип эми жашагын деп буюрат,

Мен Жанымды турсам жерге жашырып.

Түндү түртүп, таң агарып сөгүлөт,

Тозок ойлор кайра баштан өрүлөт.

Өкчөп коюп, алаксытып акырын,

Өлүм менден мурун туулган көрүнөт...

...16 жылдын жүзү болду, жаным Жыпарымдан айрылганыма. Бирок күнү бүгүнкүдөй жүрөгүм шүүшүндөп канап турат. Бул күйүт башым менен жатаар. Этегимде калган бири алтыда, бири үч жаштагы наристелери бүгүн эр жетти, Кудайга шүгүр. Ташке экөөбүз колубуздан келишинче билим бердик, ата-энелик сүйүүдөн өксүткөн жокпуз. Ансыз да тагдырдын чоң сыноосунда калган балдарды ар тараптан калкалап, айланкөчөк болуп, канатыбызды сууга салдык... Бүгүн ошол балдарымдын жандүйнөсү мээрим, сүйүү, ыйман, адамгерчилик, аруулукка толуп турса, чоң жеңишибиз! “Грипп болуп жатам, жолобогула”... десем, кийимимдин сыртынан өөп кетишет. Ушул болсо керек аял-эненин жашоодогу маңызы. Бирок, бир ок... бар! 

Учурда Конституция жаңыланып, толукталып, тереңдеп жатат дешет. “Киши өлтүргөн кишиге өлүм жазасы киргизилсин”  деген сунушту колдойм жана талап кылам!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер