Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайын энем менин атамдын биринчи сүйгөнү болуп чыкты...

Кайын энем менин атамдын биринчи сүйгөнү болуп чыкты...

12-декабрь, 14:08
2 605 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Сени бирөөгө окшоштуруп жатам...» Жигитим ата-энеси менен тааныштырганы кафеге чакырган. Кирип барсам, кайын энем учурашпай туруп ушинтти. Улам-улам мени карап, бир нерсени эстей албай кыйналып жатты. Болочок кайын атам менен кайын энем сонун адамдар экен. Кайын атамдын тамашасы бир укмуш. Эгер куудул болсо, эбак дүйнө жүзүнө таанылмак. Кайын энем андан кем калбайт.

Каткырып жатып убакыт кантип өткөнүн билбей калдык. Дасторконго бата кылып сыртка чыктык. Ошондо кайын атам сөз баштады.

-- Уулум, эгер кызың бизге жаккан жок десек эмне кыласың?

-- Эч нерсе. Баары бир үйлөнө берем. Анткени ал мага жагат.

-- Азаматсың балам! Сенден ушундай жоопту күткөм. Анан мени карап, «кызым, «молодец» экенсиң, сонун жигит таапсың», -деп көз кысып койду. Кайын энем болсо: «Биз үйгө бара берели. Силер экөөң сейилдеп, анан келгиле. Жашсыңар, жанагы, клуб беле, ошол жагыңарга баргыла.» Экөө таксиге түшүп кетип калышты. Эми болочок кудалар жолугуп таанышмай болушту. Жигитим экөөбүз эң жакшы кафе тандадык. Столду даярдап, буйрутмаларды берип койдук. Толкунданып бир орунда туралбай ары-бери чуркайбыз. Биринчи менин ата-энем, көп өтпөй жигитимдики келди. Атам болочок кайын энемди көрөрү менен, «Сары чымчык, сенби?», -деди. Кайын энем «Чоң мурун, сенби?» деген боюнча катып калды. Анан экөө каткырышты. Көрсө экөө айылдаш болчу экен. «Жаш балабыз да, биринчи жолу сүйүп жатсак, эмне кылышты билбейбиз. Анан ушинтип катуу тамашалар менен сезимдерибизди билдирчүбүз. Кийин “Сары чымчык” шаарга көчүп кетти. Ошол бойдон көрүшпөй калдык. Көчүп кеткенин билип, сарайга кирип алып ыйлагам», -деди атам. Апам дагы жөн киши эмес да, «ай, мен кетсем ыйлабайсың го», -деп баарыбызды күлдүрдү. Анан экөө балалык сезимдери тууралуу айтып беришти. Буйруса жакында той. Ата-энебиз төртөө биригип, бизге сюрприз даярдап жатышат. Жигитим экөөбүз эмне экенин биле албай кыйналып жүргөн чагыбыз.


bilesinbi.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер