Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Узенбаев: “Бүгүнкү бийлик адамдарын көйгөйлөрдү өз көздөрү менен көрүүгө чакырам”

Бакыт Узенбаев: “Бүгүнкү бийлик адамдарын көйгөйлөрдү өз көздөрү менен көрүүгө чакырам”

06-март, 19:51
1 785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чек ара боюнча курчуган маселе чечилип калган жок. Үстүртөн сүйлөшүүлөр болгону менен маселе тереңдеп барат. Чек арада жашап, кагылышып, көйгөйдү терең көргөн адам катары сиздин пикириңизди уксак?

-- Чек ара боюнча башынан аралашып жүргөн адам катары башкача тенденция кетип жаткандай сезилүүдө. Төрт жыл мурун чек ара маселелери туура эмес чечилип калды деп президентке, коопсуздук кеңешине кайрылгам. Ар бир участок кандай чечилгени боюнча ошол учурдагы өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун отчет алгыла десем, эч ким көңүл бурган жок. Азыр эми кол коюлуп, Жогорку Кеңеште ратификация болуп калган нерсени президент Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев дагы өзгөртө албайт. Себеби, келишимге кол коюлуп калды. Бирок эми калган чечиле элек жерлерди туура чечиш керек. Биздин элдин айкөлдүгүбү же кемчилигиби, кыргызды ушул акыбалга алып келген Атамбаевдин артынан чуркап, сотко барса да кыйкырып жүрүшөт. Ал кыргыз элин карызга батырды. Чек араларды ботко кылып чечти. 85% кол коюп койдук. Чечилди, биз кыйраттык дешти. Ошол “85% кандай болуп чечилди? Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы эске алындыбы? Муну ойго алышкан жок. 

Бизде чек араны чече тургандар чечерин чечип, бирок элден жашырып отурушат. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дейт. Качан гана өзбектер же тажиктер “бул биздин жер” деп ээлей баштаганда эл ызы-чуу болуп көтөрүлүп чыгып, бүгүнкүдөй көйгөйлөр пайда болуп жатат. Ошондуктан Камчыбек Ташиев бул маселелерге көңүл буруп, биздин пикирди эске алып туруп чечүүгө өзүнүн салымын кошот деп ишенем. Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан газдын Кыргызстандын ичинде туруп ага Тажикстандын граждандары келип күнүнө 3 миң куб/метр газ алышат экен. Андан тышкары 5-6 тонна нефть ташып кетишери белгилүү. Кантип эле ошол жердин аткаминерлери ошолордун кирип-чыгып атканын көрбөйт? Эл ичинде сөз боло берет да, акыры бир күнү жарылат. Бул – кыргыздын  келечегин, эркиндигин сатканга барабар эмеспи. Ошол жерде айлык алып иштеп жаткан адамдар эмнеге иштеп жатышат? Мүмкүн азыркы бийликти да баары сонун деп будамайлап жатышкандыр? 

Биз өзүбүздүн мамлекетибиздин байлыгын ошентип отурсак, анан бизге ким күйөт? Кошуна  тажик эли мыйыгынан күлүп эле бизди карап турат. Чек арада  22 баланы барымтага алып кирип кетти. Алар эмне, жетелесе эле кирип кете бере турган малбы? Кыргыздын жеринен кантип алып кирип кетет?..

Мен өзүм чек арада жашагам. Канча жолу кагылыштык. Кокус чек арадан өтүп кеткен бирөө жарымды барымтага алышы мүмкүн, бирок айылы менен 22 адамды алып кеткени акылыма сыйбай турат. Баткендик туугандарым жетелесе кирип кете береби? Кичине намыс кылып, өлбөгөн жерде калбайбы? Азыр эми ал балдарды чыгарыш үчүн биздин бийлик адамдары тажиктердин алдына барганга туура келет. Бул дагы мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек келтирип жатат. Ошон үчүн куру патриоттор жөн эле кыйкыра бербей, “чек ара үчүн эмне кылдым?” деп ой жүгүртүш керек. Эмне үчүн ошол учурдагы бийлик башындагылар туура эмес кол коюшту? Жооп берчү убак келди.

-- Ратификация болгон жерлер мыйзамсыз өтүп кеткен болсо, өлкөбүзгө чыккынчылык болсо, анда президент баш болуп бул ишке катыштыгы барлардын баары жооп бериш керек да?..

-- Мен Камчыбек Ташиевге өз сунушумду айттым. Мүмкүн болсо, комиссия мүчөлөрүн мурда чек арада иштеп кеткен Саламат Аламановго окшогон мыкты адамдардан түзүп кароо шарт.

2010-жылы Россияда иштеген кыргыз жигиттеринин макаласы жарыкка чыккан. “Ар бир өлкөнүн картасынын коду болот. Ошол кодду сактай турган жерде кыргыз өкүлү иштебейт. Эгер эртең код жоголуп кетсе Россиядан миллиард долларга да ала албайбыз” деп жазышкан. Ошол жигиттерди таап, ишке пайдалансак болмок. 

Мен кимдерге гана кайрылбадым, “Москвадан окууну буткөн, талаш жерди чеччү адам бар” деп ээрчитип да бардым. Мисалы, өзбектер андай адамын баалап, барктап жүрөт. Ошондой түшүнүктүү адамдарды эмнеге ишке салышпайт? “Кадрлар баарын чечет” деп бекер айтылбаган. Кадрды эл ичинен көрө билүү шарт. Бүгүнкү бийлик адамдарын чыныгы  абалды айланасындагылардын көзү менен эмес, өз көздөрү менен көрүүгө чакырам.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер