Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кийинки пандемияга чараларды көрүү эскертилди

Кийинки пандемияга чараларды көрүү эскертилди

06-октябрь, 20:07
1 486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун башчысы Гао Фу адамзат келечекте сөзсүз жаңы вируска кабыларын айтып, убакыт барда ага каршы чараларды даярдоо үчүн өз ара аракеттенүү принцибин сунуштады.

Бул тууралуу ал “Коомдогу илим жана технология” Киото онлайн форумунун алкагында айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүгө карабастан, келечекте дүйнө сөзсүз түрдө өзгөчөлүктөрү азырынча эч кимге белгисиз болгон “X вирусуна” туш болот. Ал каалаган убакта жана каалаган жерден чыгышы мүмкүн.

Гао Фу адамзаттын келечеги үчүн көйгөйдү биргелешип чечүү зарылдыгына токтолуп, “Пандемия учурунда маалымат алмашуу өзгөчө мааниге ээ. КЭРдин маалымат алмашуусу дүйнө окумуштууларынын вакцинаны кыска убакыттын ичинде иштеп чыгуусуна мүмкүндүк берди” деди.

Буга чейин АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучи илимпоздор кийинки пандемияга даярдануу үчүн бир катар чараларды көрүшү керектигин эскерткен.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер