Молдо күйөөмдү динден чыгарып алдым, үйүбүзгө ырыскы кире баштады...
Ыйманды адам баласы тарбиясынан, билим жана таза чөйрөдөн деле алса болорун түшүндүк. Салттуу мусулманчылыкты колдойбуз, бирок ашкере берилүү, ар кайсы агымдарга кирип кетүү туура эмес. Өзүмдүн башыман өткөн турмуштук тажрыйбамды кыскача баяндайын.
Күйөөм көп арак иччү. Кийин ооруп, динге кирип кеткен. Аябай берилди. Дааватка жумалап, айлап кеткени көнүмүшкө айланды. Сакал өстүрүп, самсаалаган узун көйнөк-дамбалдарды кийгени курусун. Көзгө да тирукмуш учурайт. Бала-бакыраны бакмак турсун, карабай да калган эле. Бир күнү дагы дааватка кеткен. Мен үйүбүздү саттым да, балдарым менен башка районго көчүп кеттим. Үч айдан кийин келип, бизди таппай калат. Туугандардыкына барып, акыры алардын жардамы менен үйгө келди. Көрүнүшү кадимки БОМЖ! Үйгө киргизбей койдум. Чоңоюп калган балдарым да шарт койду. “Адамдай болуп жашасаң киресиң, болбосо кете бер!” дешти. Айласы куруду. Акыры күйөөм акылына келип, бизге сөз берип, сакалын кырып, шалбыраган көйнөк-дамбалын чечип, баш ийип жашоого аргасыз болду. Молдолугун таштап, кичинекей соода-сатыгыбызды жүргүзө баштадык. Үйүбүздө уруш да токтоп, ырыскы кире баштады.
Мен динге каршы чыкпайм. Дагы бир жолу кайталайм, салттуу мусулманчылыкты карманабыз. Бирок аша чаап, айлап дааватка кетүүгө каршымын. Кудайды таануу адамдын жүрөгүндө, таза ниетинде, туурабы?..
Алиман, мугалим
Aryba.kg