“Кызыл камчы” күйөөмдү катуу сүйчү элем, жаңы жигитиме жибий албай жүрөм


Азыр менин жашым отузда. Үч жыл күйөөм менен жашадым. Күйөөмдү чын жүрөктөн жакшы көрчүмүн, бирок биздин мамиле абдан оор жана көз карандылыкка, кызганычка, уруш-талашка толгон жашоо болду. Көп ирет көз жашым төгүлдү, андан араң кутулдум. Эки жолу кайра кайтып баргам, үчүнчү жолкусунда катуу таяк жеп, үйдөн качып чыгып кутулдум. Мени жарым жыл бою апам менен курбуларым кайрадан өзүмө келтиришти. Аябай коркок болуп калыптырмын.
Ажырашуу аябай оор болду. Бир топ күн өзүмдү жоготуп, ыйлап жаттым. Туугандар мени жубатышты. “Баары өзгөрөт, эң башкысы, туруктуу, ишенимдүү, жүрбөгөн, абийирдүү жана сени сүйө турган адамды жолуктурасың. Башында катуу сүйүү сезилбесе да, убакыт өткөн сайын көнүп кетесиң, жашооң тынч, бактылуу болот” деп жооткотушту.
Ошентип, акыры бир адамды жолуктурдум. Жашы мен курактуу, өзүнүн үйү, келечектүү жумушу бар. Ичкилик ичпейт, башкаларга карабайт, ак көңүл, белектерди, гүлдөрдү тартуулайт, ресторандарга алып барат, сыйлап, барктап турат. Жакшы жүрүм-турумдуу, боорукер.
Бирок алгач эле байкаганымдай, ага карата жүрөгүмдө берилүү сезимдери жок. Анан дагы ал мага бир аз тажатмадай сезилди. Курбуларымдын баары ага суктанып жатышат, апам дагы тынчсызданат. “Мындай адамды карма. Сени сүйөт, кам көрөт, тынчыңды албайт, татыктуу жашоо курасың” деп жатат. Бирок, “кызыл камчы” күйөөмдү сүйгөндөй ага анчалык жибий албай жүрөм...
Нурия
"Азия Ньюс" гезити











