Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Жоопкерчиликтерин аткарбаган айдоочуларды ким көзөмөлдөйт?”

Чынара Мамажакыпова: “Жоопкерчиликтерин аткарбаган айдоочуларды ким көзөмөлдөйт?”

15-октябрь, 12:00
254 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Аярзат” коомдук бирикмесинин төрайымы менен маек.

-- Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын кайрадан көтөрүү каралууда. Бирок бул аярлуу катмарга оорчулук жаратчудай...

-- Маал-маалы менен коомдук транспортторду, айрыкча маршруткаларды айдоочулар жол кире акысын көтөрүү маселесинде шугулданып келишет. Бирок дал ушул маршруттук такси айдоочулардын орой мамилелерине окуучулар менен кары адамдар кабылып калууда. Айрыкча шаар четиндеги жаңы конуштарга, айылдарга маршруттук таксилер эле барып, коомдук автобустар жокко эсе. Жол кире акысын толук төлөп, анан орой мамилеге дуушар болгон ушул өспүрүмдөр. Себепсиз түшүрүп салып, албай кетип, себепсиз кагып-силкип, айдоочулар болгон ачуусун окуучулардан чыгарышат. Ушундай мамилеге пенсионерлер да дуушар болуп, көбүнчө “аз акча төлөйт” деп карыларды албай кеткендери кейиштүү.

Анан жол кире акысын көтөрүүгө жандалбасташат. Аярлуу катмарга аялуу мамиле кыла абаган, өздөрүнүн жоопкерчиликтерин толук кандуу аткарбай жатып, жол кире маселесин байма-бай көтөргөн буларды ким көзөмөлдөйт? Ким тизгиндейт? Бул биздин “Аярзат” коомдук бирикмесине кайрылган коомдун, карапайым адамдардын, аярлуу катмардын үнү. 


Жамиля Нурманбетова 

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер