Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозайым Нарматова төбөлдөргө кошомат кылуудан тажабайт окшойт

Орозайым Нарматова төбөлдөргө кошомат кылуудан тажабайт окшойт

08-апрель, 19:49
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Саясый сабатсыздыгы сазга батып калгандай, бирок амбициясы ашынган Орозайым Нарматованы билесиңер да. Камактан чыккандан кийин 180 градуска бурулуп кеткен. Позиция жок экен да. Соңку убакта Садыр Жапаровго сунуш айтып, жылма жагууга жандалбас ургандай. Ошого катар Камчыбек Ташиевден кечирим сурап, мактап, баатырга теңей баштады. Ысуулай кошоматын жасап жаткан убагы. Бирок президент менен УКМК төрагасына Орозайымдын комплименти бир тыйынча арзыбаса керек. Мамлекеттин машинасын аңгыл-дөңгүлгө карабай айдап баратышкан төбөлдөр бороон-чапкындан да коркпой калышпадыбы. Мындай чакта “эрте саргайган куурайдай” болгон Орозайымдын акыл-кеңеши керекпи? Этибарга алынбайт да. Ага карабай эле көрүнүп калуу, упай алуу менен ойной берет тура. Түрмөгө жатып чыккандан кийин түзөлбөй да койду го? Адамгерчилик кайда? Таңданасың, ушундай адамдардан Кудай сактаса экен! Орозайым Нарматова лидери Адахан Мадумаровдун абалын эмнеге сурап койбойт? Тез эле сатып кеттиби? Жакаңды кармайсың да-а...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер