Таалайбек Масабиров: “Чек арада жасалма тоскоолдуктар болууда”

-- Таалайбек Айтмаматович, кыргыз-казак чек арасында беш жүздөй жүк ташыган унаа кезек күтүп турганын айттыңыз. Сизге кезек күткөн ишкерлер өздөрү кайрылыштыбы?
-- Ооба, мага кайрылуулар болду. Жүк ташыган ишкерлер телефон чалышып, видеолорун жөнөтүшүп, маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. “Россияга бараткан транзиттик жүктөрдү текшерип, салыгын төлөгөндөн кийин деле жасалма тоскоолдук болууда. Себебин сурасак, контрафакттык товарлар кылдат текшерилерин бетке кармашууда” деп айтышты. Алты мамлекет Бажы биримдигине киргенбиз. Ортодо протоколдук келишимдер, ар бир өлкөнүн, анын ичинде биздин да өкүлдөрүбүз бар. Мен ошолорго кайрылып, “Казакстанга, Россияга каттап аткан жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарт түзүп бергиле” деген маселе койдум. Кечээ эле биздин төрагабыз Талант Мамытов Казакстанга иш сапары менен барып келди. Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу 1 миллиард доллардан ашыптыр. Эми аны 2 миллиардга жеткирүү максаты коюлуп жатат. Ага жетиш үчүн чек арадагы жанагыдай тоскоолдуктар азайтылышы керек да.
-- Кандай деп ойлойсуз, тоскоолдуктар чек арада турган кызматтар тарабынан эле болуп жатабы, же жогорудан ошондой көрсөтмө барбы?
-- Бул мындай, транзиттик жүктөрдү текшергенде, контрафакттык товарларды аныктоодо электрондук эсептөөлөр бар да. Ошолор дал келбей калып жатат го дейм...
"Азия Ньюс" гезити