Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн Өмүр сени, өлүм сени сагындым”

“Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн Өмүр сени, өлүм сени сагындым”

27-апрель, 14:39
901 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жандүйнөсү өзүнчө бир казынага, рухий азыкка толгон Эрнис Асек уулун убагында, көзү тирүүсүндө баалай албадык. “Бир адамдын көзү өтсө бүтүндөй аалам өлөт” дегендей, өзүнчө бир сырдуу керемет аалам бизди таштап кетти. “Өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары” деген рубриканын алдында Эрнис байке кыска ой-туюмдарын, котормолорун “Асаба”, “Агым” гезиттерине жарыялап, ал алакандай ой туюмдарды издеп окуган муун элек. Эми минтип дал ошол рубриканын алдында эскерүү кечеси өткөнү турат. Жубайы Назира эжебиз уюштуруп жаткан бул кечеге 25-апрелде күбө болуп, мыкты устат, белгилүү журналист, чыгаан котормочу Эрнис Асек уулу чыгарган керемет ырларды угуп, котормолорун окуп, сыясы кургай элек китебин алып, жандүйнөңүздөрдү азыктандырып кетиңиздер. 


Записки от скуки

Кечирим

Өз учурунда кечирим сураганды билбейт экенбиз. Бири-бирибизди көралбай, көралбагандан өлалбай, кыска жашоону ого бетер кыскартып, тытынып жүрүп өтүп кетебизби? Анан жараткандан кечирим сурап койгонубузду кантели? Кечирим өзү бычак мизиндей болот окшойт. Ошондуктан адамдар кечирим сурагандан коркушатпы деп калдым. Кечирип койгондон өткөн айкөлдүк барбы? Анан «Айкөл Манас» деп коёбуз. Же тырмагына татысакчы? Кыргызстан экиге бөлүнчүдөй абалда туру. Сезген бар, сезбеген бар. Андай абалды кечирим гана сактап каларын ойлонгон жокпуз. Ойлонбойлубу, ыя? Эртең менен караңгыны жамынып, «мыёолоп» бир «чокчолой баатыр» чуркап өттү. Ошол «мыёологону» жаккан жок мага. «Кыргыздар мыёолоп калган окшойбуз» деп жибериптирмин. «Мыёолобойлучу»! Мышык ыйлачудай заман болсо да, кечиримди унутпайлычы. Башка не дейм? Башка сөз да жок…

2014-жыл


Булут

Жөө баратабыз. Келинчегим экөөбүз талаада баратабыз. Эч нерсе сүйлөшпөй эле баратабыз. Асман ачык эле. Көкмөк эле. Маңдайыбызда гана кебездей бир булут турат. Бир жерди карайм, бир булутту карайм. Булут эч нерсеге окшошпойт. Кебездей керилип жатат. Чоң апамды эстейм. Колун пешенесине алып, асманды карап, «ий, байкушумдун жатканын? Жата бер, жата бер, булганбасаң болду» деп койчу. Мен аңырайып асманды карап, эч нерсе түшүнбөй калчумун. Көрсө, булут менен сүйлөшчү экен. Ушуларды эстеп баратып эле мүдүрүлүп кеттим. Жыгылып кете жаздадым. Келинчегим билегимен кармап калды. Унчуккан жок. Мен дагы. Булутту карадым. Кебездей керилип жаткан булут заматта тытылып-тытылып кетиптир. Көз ачып-жумганча тытылганына таңгалдым. Чоң апамдын бир сөзүн эстедим. «Кудай булуттар аркылуу белги берет» деп калчу. Ошол сөзүнөн кийин булуттарды карап калгам. Тытылганы эмне белги? Кыргыз баарын жакшылыкка жоруйт. «Кемпир, жакшылык болот экен?» дедим. Келинчегим «жалт» мени карады. «Эмне жакшылык?» деди. «Билбейм» дедим…

2014-жыл


Бакыт

Бак сугарып жатам. Сүйүнүп жатам. (Табийгаттан алыстап кеткениме күйүнүп жатам). Чоң апам айтты эле: “Бак сугарганга бак берет” деп. Түшүнчү эмесмин. Кичинекей баламын да. Чоң апам сүйлөп-сүйлөп алып, “чоңойгондо түшүнөсүң!” деп кекиртегимден жыттап койчу. “Чоңойгондо” деп манчыркап мен калам. Бирок чоңойбой койдум. Дене карыса да, жандилим бала бойдон калды. “Бак сугарганга бак берет!” Кандай сөз? Көчмөндөрдүн көөнө сөзү. “А бак деген эмне?” десем, “Бакыт” дейт. “А бакыт деген эмне?” десем, “Өткөргөн өмүрүңө өкүнбөгөнүң” дейт. “Өкүнбөгөн деген эмне?” дейм? “А-аа, балам, чоңойгондо түшүнөсүң” дейт. Же мен чоңойбой койдум. Түшүнбөй калат окшойм да. Анан кайра чолок мээм менен ойлоп коём: “Түшүнгөнүң бакыт окшойт” деп. Түшүнбөгөндөр түшүнбөй бактысыз өтүп кетет окшобойбу. Түшүнүү укмуш экен, эй! Бакыт укмуш экен. Элиңди, жериңди түшүнсөң (койнуңдагы эриңди түшүнсөң), анан өкүнбөй жашасаң, ошол бакыт экен да. “Экен” деп калдык. “Экен” деп ээсиз калдык. Аңгырап эле турубуз. Асманыбыз деле ачык. Болгону түшүнбөйт окшойбуз. Ажоң баш болуп, алжыган чалың каш болуп түшүнбөйт экенбиз. А түшүнүү – бакыт экен. Келгиле, түшүнүп, бактылуу болобуз! “Бир жетеней айтты эле” дейсиңер...

2015-жыл


Уктап калба!

Ой басканда сыртка атып чыктым. Ой жөн баспайт да. Өсүп турган өсүмдүк, чөп, гүл, дарактар алаксытабы дейм. Тоо томкоргондой, ой омкоргондой ойлор басып турганда сыртка чыктым десем болот. Жаман чарпаябыз бар. Чарпаяга барып жаттым. Кайра эле тоо томкорулуп, ой омкорулуп жатты. “Ушундай да болобу?” деп жатсам, аяр аялым (“аяр” деген кандай алтын сөз, ошондой аялдар эле болсо) келип, “уктап калба!” деди. Укмуш сөз болду. Ушундай кыргыздын алтын сөздөрүнө маани беребизби, же шылдыңдайбызбы? Ал ыкыбалыңда. Менин айтайын дегеним... Айтчу эмес элем... Кыргыздын азабы эмнеде? Уйкуда. Уйку таттуу да. Таттууну жакшы көргөн элбиз. Уктап калсаң, бүт унутта калат. “Уктап калба!” дегенди укпайбыз. Уктап калганда, иш калат, тиш калат, кадалган көз калат, айтылбай калган сөз калат, кыскасы, баары калат. Мас болгондой эле. Кыргыздын өнүкпөгөнү да ошондон. Ушундай жөнөкөй нерседен. Жөнөкөйгө маани бербейбиз да. Жамбашка тээп ойготчу Конфуций жок кашайып. “Кыргызым, ойгон!” деп ураа-патриоттор кыйкырат. Өздөрү уктап жатканы менен иштери жок. Түшүнбөстүк да. Чын эле чарчайсың. Чачырайсың. Высоцкийдей кыйкыргың келет тим эле. Анан Джо Дассендей мээлүүн болгуң келет. Келет, келет, бирок келгениң аткарылбайт турбайбы. Анан уктап каласың. Уктап калып, баарынан каласың. Жашоо каратып туруп өзгөрүп жатат, заман өзгөрүп жатат, аалам аласалып жатат. Ушундай учурда уктап калба, бир боорум! Айтор, уктабачы!    

2015-жыл


АСМАНДА ЖАНА КӨӨДӨНДӨ

Күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, аралап жүрө бердим мүрзөлөрдү караңгыда;

өмүр бою аралап келаткансыйм мүрзөлөрдү караңгыда;

жаштар бийлейт, кулак көзөйт музыка;

китепкана ээн калган эски шаардай;

тымтырстыкка тамчы, тамчы «чып» этет;

жаштар бийлейт;

үйүгүшкөн иттердей топ-топ болуп улан-кыздар көчөлөрдө чылым чегип, бербей
 келет калааны;

чакчелекей будуң-чаң;

чаң топодо кежир бала ойногон;

сасык байпак чокоюна жайылган;

күүгүмдө күмүш болбой кемпирдин бырыш жүзү;

сымаптай кармалбаган бакыт бийлеп;

тоголонуп көмөчү жомоктогу;

«пыш-шш» этип отко тийген суу куурайдай жаштар бийлейт;

күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, асманда көлөкөсү пайгамбардын, көөдөндө
 көлөкөсү жиншайтандын…

1988-жыл


КИЧИНЕ

Чылым тиштейм, кайра ыргытам жин менен,

Батпай чыгам жандүйнөмдүн ичине,

Бирде олтуруп, бирде басып бөлмөдө…

Айтчы неге аалам мынча кичине?..

1989-жыл


САГЫНДЫМ

Тирүү туруп, өлүк болдум канча ирет?

А жүрөгүм тирилбестей сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

«Көз ирмемдик өмүр мага берчи» деп.

Өлүк туруп, тирүү болдум канча ирет?

А жүрөгүм түбөлүктөй сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

«Көз ирмемдик өлүм мага берчи» деп.

Билбейм не деп мен кудайга жалындым.

Билбейм кандай… өрт… дүйнөгө кабылдым.

Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн

Өмүр сени, өлүм сени сагындым.

1991-жыл


ЖИН КЫЛЫМДА

Кайсы кез, кайсы тарап, кайсы мезгил?

Кайран мээ кан кылымда эңги-деңги —

Баш, жүрөк, тулку боюң, эс-акылды

Баарысын бар турмушка бербедиңби!

Көз ирмем кудай көзүн көргөнсүңбү?

Көөдөндү тең экиге бөлгөнсүңбү?

Айнектей быт-чыт болуп миң бөлүккө

Акыйкат алдында сен өлгөнсүңбү?

Жылдыздуу түндү дагы жамыналбай,

Жарыктык күндү көздөй камыналбай,

Күйүттүү тамекини түтөтөсүң,

Күнүмдүк көроокатка табыналбай.

Торлорун жайып таштап миң кылымга,

Токтотпойт эс-акылды бир тынымга.

Жийиркенип бул турмуштан өткүчөктү,

Жинигип кетсең кана жин кылымда!

1995-жыл 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер