Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Дастан Бекешовдун популисттик сөзүнө кошулбайм”


-- Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптешиңиз Дастан Бекешов тыгындарды азайтыш үчүн ЖОЖдордун окуу графиги өзгөртүлгөнү туура эмес болгонун, анын натыйжасында студенттер кыйынчылык тартып, үйлөрүнө кеч келип жатышкандарын айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
-- Мен ага кошулбайм. Дастан Бекешовдун айтканын популисттик сөз катары баалайм. Студенттер эрте турушу керек. Биз деле убагында жетиде туруп окуганбыз. Азыр студенттерге баардык шарттар бар, автобустар жүрүп атат.
-- А окуучуларчы?
-- Азыр 15 мектеп курулбадыбы. Дагы он мектеп курулса, ар ким өз мектебине жакын болсо, көйгөй деле жаралбайт. Алыс болуп калса гана кичине кыйналып атышат да. Андыктан, окуучуларды карап көрүш керек.
-- Бүгүн Бишкек шаарындагы мектептердин биринде болгон окуяга байланыштуу мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү, аларды коргоо боюнча да сөздөр айтылды. Буга кандай дейсиз?
-- “Өйдө карасаң мурут, ылдый карасаң сакал” деген сөз ушул да. Мугалим да, ата-эне дагы сабырдуу болушу керек. Бирок, кандай гана шарт болбосун, мугалимге кол көтөргөнгө болбойт. Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойгом. Илгери мугалимдер бизди сабачу да. Атам учура эле чапчу мени. Бирок, биз кандай окудук! Мугалим какыс-кукус кылса, андан бала эчтеке деле болбойт. Ата-энелер кичине сабырдуулукту карманышса. Ооба, ким эле баласы сабалганын жакшы көрсүн, бирок, мугалимге уруксат го?.. Ошондуктан менин оюмча, мыйзамды катуулатышыбыз керек.
-- Жанагы мугалимди тилдеген аялга 1000 сомдой айып пул салыныптыр. Сиздин пикириңизде анын өлчөмү канча болсо дейсиз?
-- Мыйзамдарды карашыбыз керек. Ар кандай жазанын чеги бар да. Минималдуу чеги, максималдуу чеги болот. Ойлобогула, каалагандай көтөрүп койсо жарай берет деп, андай эмес. Баардык жазанын өзүнүн илимий негизделген, коом кабыл алган чеги бар. Ошону кабыл алышыбыз шарт.










