Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкектеги туура эмес коюлган объектилер тазаланууда
Бишкектеги туура эмес коюлган объектилер тазаланууда
03-декабрь, 09:23
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаардык мэриясы борбордогу мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууда.
Бул ишти Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен "Тазалык" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө. Алар Фрунзе жана Тойгонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильонду, Орто-Сай базарынын айланасындагы штендерлерди жана Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги эки банкоматты алып салышты.
Мыйзамсыз жана туура эмес орнотулган объектилер тууралуу маалымат, сүрөт жана видеолорду (0703) 63-38-33 номерине жөнөтүүгө болот.
Эскерте кетсек, буга чейин да борбор калаадагы мыйзамсыз салынган курулуштар тазаланып келген.
Aryba.kg