Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн генерал Өмүрбек Суваналиевден үлгү албайбыз?

Эмне үчүн генерал Өмүрбек Суваналиевден үлгү албайбыз?

07-октябрь, 11:38
1 652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси Кара-Кечени тартипке салыш үчүн президентке чейин кайрылып, 12 “альфачыны” жана орган кызматкерлерин тартып, титиреп иштеп атканын айтып чыкты. Бул көрүнүш Кыргызстандагы кендерге карата “каралардын” үстөмдүгүн, жергиликтүү жана тийешелүү жетекчилердин иш билбеген коркоктугун айгинелейт. Өкүнүчтүү! Мисалы, генерал Өмүрбек Суваналиев Нарын облусунда губернатор болуп турганда, 1-сентябрга карата өзүнө тийешелүү аймакты көмүр менен камсыздаганы, ошол эле Кара-Кечеге бир да ОПГны бастырбаганы белгилүү. Себеби, “Комиссар Каттани” талапты катуу коюп, темирдей тартипти камсыздачу да. Жетекчинин мына ушундай деңгээлдеги эрки, мыйзамды сактаган сабаттуулугу болгондо гана мамлекеттик бийликтин ырааттуулугу, элдин бейпил жашоосу камсыздалат. Эмне үчүн профессионалдан үлгү албайбыз? Ал эми учурдагы абал кандай? Мышык ыйлачудай. Дээрлик аткаминерлер иштегенди билишпейт, жөндөмсүз, акыры кемебизди аласалдырып салышпайбы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер