Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Прокурорлордун пенсиялары 20-30 миңге барат”
-- Дастан Далабаевич, сиздин “эмки акыйкатчы тил алчаак, принципсиз киши болуш керек” деген сөзүңүздү кандай түшүнсөк болот?
-- Өзүңүздөр деле көрүп атпайсыздарбы, иштеп аткан акыйкатчыны эмнеге жумуштан кетиришти? “Саясатка аралашып жүрөт” дегендин негизинде. А чындыгында акыйкатчы көп тармакка кийлигишиши керек. Кайсы тармакта укук бузулса, ачык эле айтышы зарыл. Бирок, тилекке каршы, биз көрүп атпайбызбы талапкерлерди, араң эле сүйлөп жатышат.
-- Анда жаңы акыйкатчыдан эмнени күтсө болот?
-- Мен жана айткандай да. Биз ошону эле күтөбүз. Тынч иштеп, катуу маселени көтөрбөшү керек.
-- Жумуш учурунда каза болгон прокурорго 21 миллион сом төлөп берүү боюнча сунуш коомчулук арасында чоң резонансты пайда кылууда. Бул алтынчы чакырылышта кабыл алынган мыйзам экен. Ошондо ага сиздин да тийешеңиз барбы?
-- Мен ачык эле айтсам, 2021-жылы ушул мыйзам долбоору каралып жатканда “бюджетке оор болот” дегем. “Жок, оор болбойт, мурда деле ушинтип 15-20 миллиондон төлөп келгенбиз” деген жооп болгон башкы прокурордон. Мен ошондо эле комитетте долбоорду алып салуу боюнча сунуш бергем. Депутаттар эми гана ойгонгондой, “ушундай мыйзам бар турбайбы!” деп айтып атышпайбы. Бул туура эмес да өзү. Алтынчы чакырылыштагы депутаттар аны көрүшкөн, колдошкон, просто унутуп калышкан да. Прокурорлордун пенсиялары билесизби канча? 20-30 миң сомго барат. Жумуштан кеткенде 20 айлык эсебинде акча алышат. Андай эч бир укук коргоо органдарында жок. Атүгүл президент да кызматтан кеткенде 20 айлык эсебинде акча албайт.
-- “Бул мыйзамды кайра караш керек” деген сунушту колдойсузбу?
-- Негизи толук эле караш керек. Пенсиялар боюнча дагы. Албетте, баары эле чоң өлчөмдө пенсия алышса жакшы болмок, бирок, анда же башкалардыкын көтөрүш керек, же булардыкын азайтып, калгандар менен теңдөө зарыл.