Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Кулуев эми Орозалиевди “озондотуп”, Жунушалиевди жүдөтөт
Кулуев эми Орозалиевди “озондотуп”, Жунушалиевди жүдөтөт
08-апрель, 13:08

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ленин РИИБнин начальниги Мадияр Кулуевди Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиевдин колу менен кызматтан алып, өзү жоопкерчиликтен качкандай болду. Кууланып. Негизи ал начальникти эчак эле жоготуш керек болчу. Бул жагы туура кадам. Бирок, эртең Кулуев сотко берип, айгайлап, Орозалиевдин “канын ичет” да. Ошого катар Жунушалиевди министрликтен алып түшүүгө чейин күрөшөт. Негизи Кулуев чатак киши, убагында кызматынан шалаакылыгы үчүн шыпырылып, кайра эле соттошуп жүрүп, “жеңишке” жетип алган. Эми Орозалиевди “озондотору”, Жунушалиевди жүдөтөрү турган иш. Булардын “кашасын” ыңгайына жараша коомчулукка жарыялап турмакчыбыз...
Aryba.kg