Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Ар бир акимди, губернаторду, министрди түрмөгө отургуза турган иштер толтура”
-- Акбөкөн мырза, Ататүрк паркына байланыштуу маселеге сиз кандай карайсыз?
-- Эгерде мындай жолго түшсөк, анда Кыргызстандын тең жарымын, бул жактан дыйканчылык инстититунан Сокулукка чейин түрттүрүшүбүз керек болот. “Түрттүрөбүз” деген өтө туура эмес. Мен баягүнү көрдүм, бир кишинин эки кабаттуу тамын сүрдүрүп атышкан экен. Өзү карапайым эле киши... Былтыр капиталды амнистиялоо боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Анан мэрдин “түрттүрөм” дегени... Сотко берем десе бир жөн. Менин оюмча, түрттүрбөйт. Анткени, арасында көп кабаттуу үйлөр, окуу жайлар да бар. Бузуп салгандан көрө бала бакчага бергени жакшы го.
-- Анда бул убактылуу бир өнөктүк дейсизби?
-- Менин оюм, паркка таандык жерлерди берген туура эмес. Мисалы, Кантта бир парк бар, канча жылдан бери бошото албай келатышат. Дордойго баратканда “Карагачевая роща” экопаркы бар эмес беле, анын да канча жерине там салып жиберишкен. Эми салынып калгандарды буза алабы, буза албайбы… Сот кандай чечим чыгарарын билбейбиз…
-- Бирок, кандай болгон күндө да паркка таандык жерлерди мыйзамсыз берип салган аткаминерлер жазага тартылышы керек го?
-- Туура эмес берилсе, иш козголушу керек. Бирок анте берсек, ар бир акимди, губернаторду, ар бир министрди түрмөгө отургуза турган иштер толтура. Чара көрсөк, баарына көрүш керек, терип-терип жазалаган болбойт.