Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Алжыган Байдендин айласы куруп, оозуна келгенди оттоп калды”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Алжыган Байдендин айласы куруп, оозуна келгенди оттоп калды”

11-май, 23:28
782 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке салам! 9-май Жеңиш күнү майрамың менен куттуктайм! Майрамда келбедиң, Фейсбукта да жоксуң, кандайсың досум?

-- Өзүңдү да куттуктайм, Суке! Гитлердик фашизмди жеңген күн, аталардын каны-жаны менен келген Улуу Жеңиш биз үчүн теңдешсиз майрам. Үй-бүлө, бала-бакыра менен майрамдадык. Фейсбукка чыкпаганым, үч күнгө блоктомун.

-- Жо Байден абаңыз “8-май АКШ менен Англия 2-дүйнөлүк согушта фашистик Германияны жеңип, 9-майда Россия позорь болгон күн” дептир го?.. 

-- Тарыхты өзгөртүп кайрадан жазгысы келгендердин аракети уланууда. АКШ, Англия, Батыш өлкөлөрүнүн көбүнүн өткөн чакта беттерине кара көө сүйкөлгөн фактылар жетиштүү. Германияда улутчул-социалистерди колдоого алышып, бийликке Гитлердин келишине кошкон салымдарын жаап-жашыргылары келишет.

Бүткүл дүйнөлүк революция ураанынан чочулаган империалисттер фашисттик Германияны телчитип туруп, СССРге каршы согушка аттантууну пландашканы, америкалык компаниялар немис экономикасы менен өндүрүшүн көтөрүүгө кошкон салымдары тууралуу документалдык фактылар жетиштүү. Аны өчүрүп, унуткаруу, же жок кылуу мүмкүн эмес. Анан “ит кутурса ээсин кабат” дегендей болуп, Гитлер Европа мамлекеттеринин көбүн басып алып, Лондонду бомбалап, союздашы Япония АКШнын флотун талкалагандан кийин ит болгондорун түшүнүшүп, СССР менен союздаш болууга аргасыз келишкен. 

Согуш аяктап жатканда эле Англия менен АКШ СССРге каршы согуш ачууга даярданышканы, фашисттердин чалгындоо кызматы, ядролук изилдөөлөрү түгөл америкалыктарга өткөнү тууралуу тастыкталган материалдар жетиштүү. Андан кийин дагы бир нече ирет СССРге привентивдүү ядролук сокку урууну пландашып, мүмкүнчүлүктөрү жетишпегенинен, өзүлөрү кошо жок болоруна көздөрү жеткендиктеринен гана ал пландарын токтотууга аргасыз болгону белгилүү. 

500 жылдай дүйнөнүн көп жерин колония кылып, элин кырып, ресурстарын тартып алып, байып өнүккөн англосакстардын барбаган, тебелеп-тепселеп, канын сорбогон кайсы жер калды? Баарын соруп бүтүштү. Жер үстүндө ресурстар түгөнүп, жетишсиз болуп баратат. XVI кылымдан бери көз арткандары Карпат тоолорунан Тынч океанга чейин Россия ээлеп жаткан жер ресурстарынын 70%ын камтыган кең мейкин жер. Ошону алуу үчүн Наполеон, Гитлер канча жолу келишти? Мына азыр да ошол максат менен ар кандай шылтоо, жомокторду айтып, Украина элитасын сатып алып, неонацизмдин рассаднигин өстүрүп, 30 жыл “антироссия” даярдашты. Россияны өнүгүүсүн токтотуп, алсыратып, кыйратып, бөлүп-жарып, талап-тоноо максатын ишке ашырабыз деген аракеттеринин айынан Россия алдын ала чара көрүүгө мажбур болду. Ошондон улам Украина аймагында Россия менен бирдиктүү Батыштын ортосунда гибриддик согуш жүрүп, карапайым эл жабыркап жатат.

Ушунун баарын жаап-жашырып, элдин башын айлантуу максатында орусту жамандап, дүйнө элине жек көргөзүү аракеттерин көрүп, маалыматтык согуш жүргүзүп, ЖМКларды түгөл колго алып, каржылап, альтернативалуу кабар тараткандардын баарын жаап салышты. Санкцияларынын эффектиси алар ойлогондой болуп Россия кыйрабай, тетирисинче, санкциялары тескери эффект берип, Европада, АКШда баалар асмандап, инфляциянын өсүп жатышы Батышта нааразычылыктарды пайда кылып, өзүлөрү чөгө баштады. Батыш болсо “дагы бир аз санкция салып, куралдандырууну көбөйтсөк, орус чөгөлөйт” деген ишеним менен, “өзүн өзү бутка атуусун” улантууда. 

Согушту ким жеңгени – кечээги 9-майдагы посстоветтик өлкөлөрдөгү “Өлбөс полктун” жүрүшүндө дагы бир жолу тастыкталды. Кыргызстандагы “Өлбөс полктун” жүрүшүндөгү адамдардын көптүгүн теледен көрүп, өткөн муун менен тирүүлөй байланышыбыз бар келечектүү коом экенибизге ишенимим бекип, көзүмөн жаш тегеренди. 

Гитлерди жеңген ата-бабалардын басып өткөн жолун сыйлабай, тарыхыбызды чанып, АКШнын айтканын гана чындык катары таанып, Батыштын ырын ырдап, орус бийлигин “рашист-фашист” деп тынымсыз сайрап жүргөн айрым саткындар да, 150 улуттан турган 145 млн. Россия жарандарынын Владимир Путиндин айланасына биригип, неонацизмдин рассаднигин талкалоо аракетин колдоп жатканын көрүп, жаактары жап болуп калды окшойт.

Оруска каршы жасаган аракеттери Россиянын калкын ушундай биримдикке алып келери үч уктаса түштөрүнө кирбеген Батыштын да жүрөгү болкулдап, АКШнын улуттук чалгындоосунун башчысы Эврил Хейнс “Россия Донбасста жеңишке жетишүү перспективасы бар” деп чукул кайрылуу жасады. А тиги башы маң болуп, аба менен учурашып, шылдың болуп алжыган Байден айласы куруп, жек көрүү сезимине ээ боло албай, “8-майда Америка фашизмди жеңгенбиз” деп оозуна келгенди оттоп, рейтинги кургуйлап баратат...


Сурат Жылкычиев

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер