Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Жыргалбек Касаболотов: “Таблиги жамаат” кыймылынын өзөгү Пакистанда”
Жыргалбек Касаболотов: “Таблиги жамаат” кыймылынын өзөгү Пакистанда”
18-август, 11:58

Мындай пикирди белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов айтты.
“Диний фундаменталисттердин баш көтөрүшү, дүйнөдө диний негизде мамлекет курган күчтөрдүн жеңиши – көп учурда ошондой эле моделди жактаган башка да кыймылдарды жандандырышы ыктымал.
Кыргызстанда кеңири тамыр жайган “Таблиги жамаат” кыймылынын идеологиясы Бишкектен башкарылбайт. Анын өзөгү Пакистанда. Пакистан болсо Ооганстандагы талибдерди такай каржылап, өз максатына пайдаланып келген мамлекет катары белгилүү.
Демек, мамлекет муфтият менен тыгыз иш алып барып, ар кандай тескери тенденциялардын алдын албаса, көзөмөлдөн тышкары түрдүү процесстер башталып кетиши мүмкүн. Диний негизде түзүлгөн партиялар жоюлуп, каттоосу жокко чыгарылышы керек. УКМК жана ИИМдин тийешелүү түзүмдөрү жер-жерлердеги диний үгүт кандай мааниде жүрүп жатканын мурдагыдан да жакшыраак байкап, кооптуу жагдай болсо дароо чара көрө турган учур келди” дейт журналист.