Бийлик акыры “кемпирабадчылар” менен тил табышууга барабы, же?..
Аз күндө “кемпирабадчы” саясатчылардын абакта жатышканына бир жыл толот. Бул оңой убакыт эмес. Күн өткөн сайын алар чыйралышып, каршылык көрсөтүү ыкмасына өтүп алышты. Чыр, чуулган күчөй берсе, аягы кандай тамамдалат? Бийлик үчүн кандайдыр бир кооптуу көрүнүштөр керексиз да. Буга чейинки убактарда Акүйдөгү айрым билермандар эки тарапты сүйлөшүүгө, эң кур дегенде “ит жыгылыш” оюну менен мунасага келүүгө чакырышса болмок. Биринчи кадамды бийлик жасашы керек эле. Себеби, эки жаат болуп алып чырлашуунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Балким, азыр деле кеч эмес. “Кемпирабадчылардын” тилин тапса болот да... “Жылуу сүйлөсө ийинден жылан да чыгыптыр” дейт. Анын сыңарындай, тутанып бараткан жаңжалды тынчтык жолуна буруу эң ириде бийликтин биринчи кызыкчылыгы болууга тийиш. Дене мүчөңдө жара ырбай берсе, ал аягы кыйынчылыкка, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Андыктан дарылаш керек...
"Азия Ньюс" гезити