Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умрага барууну каалагандарга Сауд Арабиясы шарт койду

Умрага барууну каалагандарга Сауд Арабиясы шарт койду

07-апрель, 11:50
264 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мусулман зыяратчылары рамазан айында Сауд Арабиясындагы мусулмандардын ыйык жайларына зыярат кылып, кичи ажылык амалын аткаруу үчүн коронавируска каршы эки жолу эмдөөдөн өтүшү шарт. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын SPA агенттиги жазган.  

“Рамазан айында умрага, Мекке жана Медина шаарларындагы мечиттерге зыярат кылууга коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алгандар, болбосо биринчи дозасын 14 күн мурун сайдыргандар, же коронавирус менен ооруп айыккандар гана келе алат” деп айтылат маалыматта.

Араб өлкөлөрүндө мусулмандардын орозо айы 13-апрелде башталат деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер