Заманбап тамактар ден соолуктун душманы

Ден соолукту тобокелге салбоо үчүн диетологдор айрым тамак-аштарды азыраак пайдаланууну, мүмкүн болсо алардан такыр эле баш тартууну сунушташат.
Газдалган суусундуктар
“Кока-Кола”, “Пепси”, лимонад жана башка "суусунуңду кандыруучу" суусундуктарда канттын көп өлчөмүнөн тышкары химиялык кошулмалардын түрү бар. Айрым суусундуктардын курамына кофеин, коки дарагынын жалбырагы кошулат. Башкасын айтпаганда да газдын өзүнүн эле ашказандын былжыр челине тийгизген зыяны канча?
Алкоголдук ичимдиктер
Алкоголь калктын өлүмүнүн 3-себепчиси (жүрөк кан тамыр жана онкологиялык оорулардан кийинки). Спирттик ичимдиктер бөйрөк, боор, ашказан, ичеги жана башка көптөгөн органдарга өз зыянын тийгизет.
Майонез
Майонезге кошумча даам берүүчү жана түс берүүчү жасалма кошулмалар кошулат. Жүрөк жана кан тамыр оорулары, ашказан жана ичеги оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана семирүү – булардын баары майонезди көп пайдалангандын жыйынтыгы.
Бульон кубиктери, тез даярдалуучу кесме
Бул тез даярдалуучу тамактар бүтүндөй химиядан турат. Буларда даамды күчөтүүчү жана жагымдуу жыт берүүчү кошулмалар, боёк, туздун көп өлчөмү бар. Айрыкча тез даярдалуучу кесменин өзүнүн желим идишинин үстүнө эле кайнак сууну куюп, жеп алганыңызда организмиңизге чоң зыян келтирген болосуз.
Фаст-фуд (гамбургер, чизбургер, фри картошкасы, чипсы ж.б.)
Мындай азыктарда майдын, туздун, жасалма кошулмалардын көп өлчөмү болот. Ушулардын негизинде фаст-фуд баш мээнин инфаркты, рак, гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу, тукумсуздук, семирүү сыяктуу коркунучтуу оорулардын себепчиси. Дагы бир жаман жагы – бул азыкты көп пайдалануу бара-бара наркотикалык көз карандылыкты чакырышы мүмкүн.