Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Россиядан бир кыргыздан вирус чыкса, баарыбызга залакасы тийет”

“Россиядан бир кыргыздан вирус чыкса, баарыбызга залакасы тийет”

06-апрель, 21:00
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвадагы мекендешибиз Чыңгыз Ысманов Орусиядагы карантин учурунда мигрант мекендештерге кайрылуусун жолдоду.

Белиңди бекем буугун да, жакыныңа каралаш. Бир үйдө казанга тамак бышырып, жакшылыгыңды тең бөлүшүп сүйүнгөн, жамандыкта бир бооруңдай күйүнгөн бир миллиондон ашык туугандар бар, биз өзүбүздү мигрант” деп атайбыз.
Ошол бир миллион мигрант, көзгө көрүнбөгөн к
оронавирус аты бар душман каптап келгенде, бүгүн биз эмне кылышыбыз керек?
1. Бири
-бирибизди сыйлап, нан-тузубузду тең бөлүшөлү.
 2. Батирге төлөгөнү акча
 калбай, өз жакыныбызды кууп чыгып, өзгө улутка шерменде болбойлу.
 3. Ааламды апаат басып жатканда, бири
-бирибизге жөлөк болуп, оор күндөрдө үлгү көрсөтүп, ынтымак менен чыгалы.
 4. Айылдашыбызга, сыртта жүргөн жетим
-жесирге жүрөгүбүздү ачып, таза дилибиз менен мээримдүү мамиле жасайлы.
 5. Бүгүн 
Орусия федерациясы официалдуу түрдө учуу үчүн асманын жапты, мындайча айтканда, эч ким эч жакка уча албайт. Саардан кечке бийлик мени учур, алып кет, мен үйдү сагындым деп, Акүйдү, ал аз келгенсип элчиликти, ИИМ өкүлчүлүгүн сөкпөйлү. (Алар иштеп жатышат.)
 6. Себепсиз сыртка чыкпайлы, бул ооруну бир эле киши жуктурса, бүт 
кыргыз мигранттарына өтө чоң минус алып келишин унутпайлы туугандар. Бүгүн ошол доставкада жүз миңдеген кыргыздар иштешет, алар дүкөндөрдөн азык-түлүк, аптекалардан дары-дармекжана башка буюмдарды ташып иштешет, бир кыргыздан коронавирус чыкты десе бүт баарыбыздан коркуп мамиле кыла башташат жергиликтүү эл.
 7. Мындай апаатты биримдик
, ынтымак менен гана жеңе алабыз. Бүгүнкү күндө кыйналган мигранттарга ар кандай коомдук уюмдар, колунда бар азаматтар өз жардамдарын берип жатышат.
8. Бекерчиликтен арак-шарап ичип, өзүңүзгө жана ошол батирдеги бир туугандарга зыян алып келип албаңыз.
9. Себепсиз үйдөн чыкпаңыз, ар бирибиз өзүбүздү сыйласак, биримдик, ынтымак болсо, бул күндөр артта калат.
 10. Эгерде сиз өтө кыйналсаңыз, маселеңиз чечилбей калган учур болсо, ойлонбой мага чалыңыз, толук ишенем, чечилбеген маселе жок, биримдик менен ынтымакта бул күндөрдү басып өтөбүз, сый-урматым менен Чыңгыз Ысманов. 
89670379287

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер