Акыркы кабарлар
» Коом » Ой жүгүртүүнү начарлаткан азыктар кайсылар?
Ой жүгүртүүнү начарлаткан азыктар кайсылар?
02-ноябрь, 17:09

Улуу Британиялык доктор Дженнифер Робинсон көптөр жактырган картошка фри сыяктуу куурулган тамактар жана башка айрым азыктар ой жүгүртүү жөндөмдөрдү начарлатарын айтты. Дарыгер куурулган тамактар организмде сезгенүүнү пайда кылып, мээни кан менен камсыз кылуучу тамырларга зыян келтирерин түшүндүрдү. Ал кан тамырларга зыян келтирбөө үчүн йогурт, сыр, шоколад, торт, пудинг, кокос каймагы сыяктуу каныккан май кошулган азыктарды аз пайдаланууну сунуштады.