Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков: “Жаңы өкмөт – аборт менен алган балага окшош”

Рыскелди Момбеков: “Жаңы өкмөт – аборт менен алган балага окшош”

18-июнь, 23:45
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди мырза, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев экөөңүздөрдүн кайым айтышууңуздар бүгүнкү күндүн темасы болду. Бул тууралуу кандай комментарий бересиз?

-- Мен жер жүзүндөгү адамдардын баары тууралуу жакшы пикирдемин. Адамдар тууралуу ар кандай кырдаалда ар кандай пикирде болуп каласың. Бүгүнкү кайым айтышууда жаман пикирде болдум. Негизинен улуу киши катары ал адамга сый мамиле менен карачумун. Бирок бүгүнкү кошоматчылылыгы, андан мурунку кошоматчылыгы парламенттин бейнесине жаман пикир айттыртып жатканы үчүн ачуум менен кайрылып койдум. Эртеби-кечпи бул киши ушул сөздөрдү укмак болчу. Эч ким суранбаса деле “ушул он-он беш киши айтып жатат” деп жагалданууда. Бул – аткаруу бийлигине адвокат болуп жагынам (!) деп кандай сүйлөсө, ошонусуна жараша жооп алды. Бирок, ал кишиге жеке жек көрүү сезимим деле жок. 

-- Жаңы өкмөт башчыны шайлап алдыңыздар, жаңы өкмөт тууралуу сиздин пикир кандай? 

-- Жаңы өкмөт бул – алы жок, жаны жок, ооруканадан чыгарып койгондой эле өкмөт. Беш айлык техникалык өкмөт. Аборт менен алган балага окшош. Бирок, башка жол жок болчу. Кетип калгандан кийин калган ишин акырына чейин алып чыгыш керек. Бул өкмөткө анчалык деле ишеним менен кароонун кажети жок. 

-- Жаңы өкмөттү шайлоодо каршы добуш бергениңизди көрө алган жокпуз го?..

-- Мен добушумду берген да жокмун. Добуш берүүгө татыксыз эле иш болду. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер