Бакыт Сыдыковдун жездеси Нургазы Айдаров Салимбайга жүз бөтөлкө арак, төрт топоз тартуу кылганбы?


“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковдун бир тууган жездеси бар, миллионер Нургазы Айдаров аттуу. Эске салсак, Салимбай байбачага Жалил Атамбаев экөө барышып, болушунча кошомат кылышкан. Эреркешип, аябай шыйпаңдашкан да. “Акабыз биздин тирегибиз” деп хорго салып кыйкырышкан. Ошол видео азыр деле Ютубда, интернет айдыңында калкып жүрөт.
Айрым маалыматтар боюнча, ошондон кийин Нургазы Айдаров Өзбекстанга улам каттап калганы жөн жерден эмеспи? Бир курдай “Ала-Арча” арагын Салимбайга алып барса, абдан жагып калыптыр. Анан бөжөңдөгөн кыргыздын кошоматчысы 100 бөтөлкө “Ала-Арча”, төрт топозду тартуу кылганбы? Бул боюнча Нургазы Айдаровдун жакындары эле кеп кылышып, жерге түкүрүнүп жатышат.
Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу иликтөө, тергөө иш-аракеттерин улантып келет. Эмне үчүн Нургазы Айдаровдун жоопкерчилигин карабайт? Салимбайга барып алып жагалданып, ушундай паска түшүп, уят жерин жалап жиберчүдөй көрүндү эле го? Ачыкка чыкканы ошол, ал эми эл билбеген канча кылыктары бар дейсиңер?..
УКТнын “жүгүрүгү” Нургазы Айдаровдун кайниси Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясын жетектеп, элге акыл үйрөтүп отурат. Башкаларга тыңсынганды эмне кылат, андан көрө жездесин карап албайбы? Үй-бүлө мүчөсү кылмыш дүйнөсүнө аралашып жүрсө, каяктагы моралдык этика, тазалык жөнүндө кеп кылат? Каматып жибербей сактап отурса керек да. “Кол ийрисине тартат” дегендей...










