Менин сүйүүмдүн ээси апам курактуу аял болуп чыкты


Ал социалдык баракчасында абдан татынакай сулуу периште эле. Кайсы бир жаңылыкка коментарий калтырып жатып, аны менен таанышып калдым. Экөөбүз жеке баракчабыздан жазышып жүрүп, ал улуу сезимге, махабатка айланып кетти. Ар бир таң “кутмандууга” айланып, ар бир түндө “бейпилдикти” каалап, анын катын, мага жөнөткөн быйтыкчаларын ашыгып күтчү болдум. Тезирээк жолугушууну сурандым. Ал ар кайсы шылтоону айтып, артка жылдыра берчү.
Ошентип арадан жарым жылдай убакыт артта калды. Ата-энем мени “үйлөн” деп кыстай баштады. А мен “онлайн махабатымды” кыйнап кирдим. Акыркы убактарда менден кача да баштады. Суроолорум жоопсуз калат. Андай күндөрү көңүлсүз тартам. Кадимкидей азапка батып... Акыры “онлайн сүйүүм” жолугушууга макул болду. Өз чындыгын айтты. “Сүрөттөгү сулуу кыз мен эмесмин. Сенден бир топ жаш улуу жубанмын” деди. Ага да макул болдум. Биз жолугуштук. Менин “онлайн сүйүүм” апам курактуу элүүдөгү аял болуп чыкты. Эмне кылаарымды билбей, алданып, махабат азабын тартып жүргөнүмө өзүмдү жек көрүп, кайдадыр кетип бара жаттым...
Макен











