“Парламенттик шайлоодо идеяга эмес, акчага, жердешчиликке басым жасалат”

-- Депутаттар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болорун айтышып, эмитен эле эл кыдырып башташты. Бул жолку аламан жарышта кандай өзгөрүүлөрдү көрөбүз?
Ибрагим Жунусов, экс-элчи:
-- Менин баамымда, эрте шайлоо болбойт го деп ойлойм. Анткени, шайлоо өткөрүү үчүн чыгашалар каралат. Азыркы парламент бийликтегилер, өкмөт менен жакшы эле тил табышып иштешип жатат. Бири-бирин түшүнүшүп, угушуп дегендей. Ошон үчүн шайлоо эрте болбосо керек деген ойдомун.
Мадин Итикеев, активист:
-- Менин жеке пикиримде, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбошу керек. Анткени, бул парламент ийкемдүү жана бийликтин айтканынан чыкпаган жакшы чакырылыш. Билишимче, өздөрү тарабайт жана таратышы деле мүмкүн эместей. “Чабал өрдөк эрте учат” демекчи, талпынгандар да жок эмес. Бирок, кийинки чакырылышта, аламан жарышта байлар көбүрөөк келишет. Анткени 1000ден агитатор иштеткенге мыйзам жол берет, а кыргызда миң адамдын 5000и тууганы, жек-жааты эмеспи. Демек, ким 1000 адамды жакшы айлык төлөп иштете алса, ошолор эле депутат болушат, б.а., колунда барлардын парламенти дегендей. Жөн эле сөзгө азыр эл ишенбей калган заман.
Акылдуу, эмгекчил адам бай жашайт. Тууган-туушкан, жек-жаат, айыл-апага алымдуулар парламентке өтүшөрүнө ишенем. Андан тышкары, саясый карьерасы жакшы, билимдүү жаштардан да бирин-экин келүүсү мүмкүн. Эмнеси болсо да, кыргызга күйгөн, сүйгөн жакшы адамдар келишсе деген ниеттемин. Саясый элита жаңылана турган убакыт келди.
Элдар Аттокуров, серепчи:
-- “Ак жолдон” КСДПга өтө качышып, кийин 2020-жылы бийликчил топторго айланышып, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынын курамына киришип, 5-октябрда нааразычылык акциясы төңкөрүшкө айланып кеткен.
Азыркы учурда да алар “Ата журт – Кыргызстан”, “Мекенчилдер” менен тил табышып, ЖКнын азыркы курамында жана бийликтин жогорку бутактарына конуп алышкан.
Нонсенс – адилеттүүлүк үчүн канжыгага башын байлап чыккан жаш партиялардын бири дагы ЖКда же мамлекеттик башкарууга келишкен жок. Азыркы бийликти өзгөчө колдоого алышып, Акүйгө ак кийиз салып киргизишкен “Ордо”, “Чоң Казат”, “Мекен ынтымагы” саясый партиялары эле. И.Сталин айткан “Кадрлар барын чечет” деген доор СССР менен кулап, Акаевден бери келе жаткан тууганчылык жана жердешчилик оорусунан айыга элек экенбиз!
Шайлоо боюнча жаңы чыккан укуктук-ченемдик актыларда квоталар аймактарга тең бөлүнүп, мурда болуп келе жаткан гендердик теңсизикке жол берилген жок! Бул жагы жакшы. Бирок, менин жеке анализимде, бул шайлоонун жаңы механизмин биздин менталитетке салып караганда уруучулук, тууганчылык (кудалар, өкүл балдар, жээн, бөлө, кайын журт ж.б.у.с. категорияларга) өзгөчө басым жасалат. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү кандидаттын идеясына эмес, анын жердешчилигине жана тууганчылыгына, уруусуна басым жасалат.
"Азия Ньюс" гезити