Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сапаргүл Абдинабиева: “Апалар, өзүбүздү өнүктүрөлү, кыздарыбызды окуталы”

Сапаргүл Абдинабиева: “Апалар, өзүбүздү өнүктүрөлү, кыздарыбызды окуталы”

19-ноябрь, 13:29
1 304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Сапаргүл Абдинабиева кыз-келиндердин билимдүү болушу керектиги тууралуу пост бөлүштү.

“АКШдагы шайлоо жыйынтыгы миңдеген кыз-келиндерде кайсы бир деңгээлде үмүт, ишеним, чоң мотивация жаратты. Жарк эткен Камала Харристин өмүр баянын окусам, апасынын өтө билимдүү, көрөгөч, баардык маселени жоопкерчилик менен чечип, кыздарын тырышчаак, өзүнө ишенимдүү кылып тарбиялаганы жазылыптыр. Дароо социолог Топчугүл Шайдуллаеванын айтканы эске келди: “Бала 70 пайыз энеден калыптанат” дейт ал. Демек, кыз-келиндердин билимдүү болгону өзүнөн, үй-бүлөсүнөн тарта коомдун баардык катмарына пайдасын гана тийгизет. Өзүбүздү өнүктүрөлү, кыздарыбызды окуталы, өстүрөлү, түшүнөлү, туура багыттайлы, колдоо көрсөтөлү, апалар”,-деп кайрылды Сапаргүл айым.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер