Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурдунун учунан алысты көрө албаган Болотбек Тиллебаев

Мурдунун учунан алысты көрө албаган Болотбек Тиллебаев

11-август, 21:25
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
УТРКнын башчысы Болотбек Тиллебаев башка планетада жашап жүргөндөй элес калтырат. Кыдыңдап алып өзүн пиарлап, сүрөткө түшүп, жер-сууга тараттырат. Иштеп аткандай түр көрсөтөт. Бирок УТРКдан профессионал журналисттердин кете башташканы эмнеси? Кызматтык аура бузулганы, сыртынан жасалмалуулук гана көрүнгөнү байкалат. Б.Тиллебаев өлкөдөгү абалдан кабарсыз окшойт, илгеркиче эле “жыргап-куунап, өнүгүп жатабыз” дегендей эски пластинкалар айланып, мактоолорду, бир беткей маалыматтарды таратышат. Ал эми элдин жашоосу башка, сыртта кымбатчылык, жапырт каатчылык каптай баштады. Андайды УТРК көрсөтпөйт, чындыкты жашырат, көйгөйлөр көздөн далдоо кетет. Ушундай. Аталган мекемеде эч кандай реформа жок, шалдыраган араба жүрүп бараткандай эле көрүнүш. А бир күнү “карс” эте сынса кантебиз? Көрсө, кудурети чектелүү кадр мурдунун учунан алысты көрө албайт тура... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер