Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экс-спикер Канатбек Исаевге даражалуу кызмат сунушталса барабы?

Экс-спикер Канатбек Исаевге даражалуу кызмат сунушталса барабы?

27-январь, 09:00
838 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыттын өтүшү бийликке каршы иштеп, рейтингин түшүрүүгө багытталат эмеспи. Бул мыйзам ченемдүүлүк. Учурда өкмөттө, аткаруу кызматында абройлуу, ишенимдүү жетекчилер өтө сейрек. Коомчулук дээрлик тажап калган. Министр, губернаторлорду карагыла, көпчүлүгү белгисиз. Артынан даңкан ыргый турган фигуралар эмес. Мындай шартта айрым кеңешчи, билермандар акыл калчашып, бийликтин пайдубалын бекемдөө үчүн оппозиция лидерлери менен тиреше бербей, алардын белдүүлөрүн тартып, кызматташуунун “кулагын” чыгара башташыптыр. Соңку убактагы өкмөттүн эки анжы абалын байкап атабыз. Өргө тарта алчудай эмес... А баса, Чүй облусунда бийликти колдогондордун катмары да кыйла жукарып, үлп эткен желге термелип турабы? Ар кандай образдуу божомолдор удургуп турган чагы. Мындай илең-салаң кырдаалда экс-спикер Канатбек Исаев менен сүйлөшүү жүргүзүү, мамлекеттин туруктуулугу, өнүгүшү үчүн кызматташуу сунушу айтылабы? Азырынча бул боюнча Акүйдөгү айрым билермандар акыл калчашканы каңкууланды. Саясатчы Канатбек Исаевге жогорку даражалуу кызмат сунушталса барабы? Кеп ушунда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер