Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КУУда жаңы дем, жакшы идеялар...

КУУда жаңы дем, жакшы идеялар...

09-май, 09:00
791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 1-сентябрынан тартып Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте иш ыргагы өзгөрүп, университеттин жашоосу жанданып, илимий турмушу жаңы нукка түшүп, бул окуу жылы чечкиндүү реформалар менен башталган. КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдрахманов ректорлук кызматка дайындалгандан кийин окуу жайдагы иштин жүрүшү, абалы менен таанышып чыккан эле. “Алдыда чоң милдет турат, иш оор, көйгөйлөр көп экен. Тыным албай иштешибиз керек” деп эмгек жамаатынын алдына чоң-чоң милдеттерди койгон. Ошондон бери административдик, каржы-экономикалык, институционалдык-структуралык өзгөртүүлөр жүргүзүлүп, бел чечпей иштеген профессордук-окутуучулук курам «университет үчүн иштейли» деген демилге менен бир топ ийгиликтерди жараткан. Өлкөдө өзгөчө макамга ээ богон беш алдыңкы университеттин катарына кирген улуттук университет жаңы идеялардын, алгы долбоорлордун, стартаптардын очогуна айланып отурат. Өткөн тогуз ай ичинде акыркы жыйырма жылда жасалбаган иштер жасалып, чоң өзгөрүүлөр болууда. 

Кийинки жыйырма жылда 10 ректор алмашып, ошол 10 ректор жеке кызыкчылыктары үчүн иштеп, бири имараттардын фойелеринин бардыгын буфетке айландырса, бири актап-сырдатып, ремонт кылымыш болгон. Бири 8-окуу имаратын бомба түшкөндөй талкалап, айтор, университетти талап-тоношуп, баалоонун көп индикаторлору боюнча артка кетип, ЖОЖдордун флагманы позициясын алдырып, салттуу боло жүргөн ректорлор кеңешинин төрагасы ардактуу орунунан да ажырап, кыскасы, КУУ артта калганы чындык. 

 Ректор Т.Абдрахмановдун жетекчилиги астында университеттин эл аралык байланыштары бекемделип, жаңы өнөктөштөр менен жигердүү иштер башталууда. Дүйнөгө аты кеңири белгилүү окумуштуулар улуттук университеттин коногу болуп, студенттерге лекция окуп, иш жаңы деңгээлде жүргүзүлүүдө. Мисалы, Астанадагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору Камерияш Калкаеванын социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенттерине окуган лекциясын, же дүйнөгө атагы чыккан серб математиги, Ниш (Сербия) университетинин профессору Л.Кочонацтин улуттук университеттин чакыруусу боюнча келип, математика факультетинин студенттерине «Тандоо принциптерине киришүү» деген темада окуган кызыктуу лекциясын айтууга болот.

Илимдеги жаңы багыттар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий ишмердүүлүктү баалоо, академиялык мобилдүүлүк боюнча жигердүү иштер жүргүзүлгөн. Илим менен экономиканын реалдуу секторун интеграциялоо максатында 6 министрлик, ведомстволор, 2 айыл өкмөтү, 4 ишкана менен келишимдер түзүлүп, конкреттүү пландар белгиленген.

 Жарык көрбөй калган университеттин “Жарчысы” кайра жаңыртылып, ЖАКтын талаптарына ылайык чыга баштады. Scopus, Web of Science, RSCI тутумдарындагы эл аралык журналдарына илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча макаласы чыккан профессор, доцент, окутуучуларга дем берүүчү төлөмдөр “Эмгек акы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү” жолу менен каралып, алгылыктуу иш болду. Минтип бир да ректор илимди колдогон эмес. Эмгек жамаатынын маянасы илимий даража үчүн кошумча үстөк менен 30 пайызга көбөйтүлгөн.

Ушул тапта улуттук университет инновациялык технологиялар жана санариптешүү боюнча атайын борбор түзүп, бул багытта тынымсыз семинар-тренингдер, симпозиумдар, илимий конференциялар өткөрүлүп, заманбап маалымат технологияларынын, жаңы идеялардын очогуна айланып отурат.


Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер