Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сапар Исаков: “Абакка кайтып барганда сөзсүз мени өлтүрүшмөк”

Сапар Исаков: “Абакка кайтып барганда сөзсүз мени өлтүрүшмөк”

03-март, 19:30
1 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-премьер-министр Сапар Исаков эмне себептен улам абакка кайтып барбай, сыртка чыгып кеткени тууралуу баракчасына жазып чыкты. Анда анын өмүрүнө абактан да коркунуч туулуп жатканын ачыктады. Ал эми мындай абалга салып жаткан кимдер экенин ачыктарына убакыт жакындап калганын жазган.

“Урматтуу мекендештер! 

КР Жогорку соту ЖЭБдин иши боюнча өкүмдү кайра карап чыгуудан баш тартты жана эски өкүмдү күчүндө калтырды. Баягы эле саясый куугунтук, акыйкатсыздык уланууда. Мен бул окуяда кадыресе акыл-эстүүлүк жана адамгерчилик баары бир жеңет деген үмүтүм болгонун жашырбайм. Анүстүнө буга чейин ат майданы жана тарых музейи боюнча кабыл алынган соттун чечимдери жокко чыгарылганы маалым. Бул чечимдерди да ЖЭБ боюнча чыгарылган принциптей эле эч бир далили жок, жасалма экспертизалар менен кысым астында жана коркутуп-үркүтүү менен алынган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарышкан эле.

Тилекке каршы, менин үмүтүм ишке ашкан жок. Бул бир гана нерсени айтып турат: Жээнбековдун режими менден корксо, бул бийлик да менден коркуп жатат. Ошондуктан мага карата жасалып жаткан иштердин бир гана себеби бул – коркуу.
 Өткөн жылдын октябрь айында менин көзүмдү тазалоо боюнча бу
юртма берилген. Менин машинеме тапанчадан ок атышты. Бул буюртма дагы эле күчүндө экенин билем. Мага өмүрүмө коркунуч жараткан түрмөгө кайтып барууга болбойт эле. Анткени ошондо мага жардам берген, азыр да жардам берип жаткан кыргызстандыктарды кооптуу тобокелге салып бергим келбейт. Буюрса, жакынкы убактарда мезгил келет, ошондо мен чындыкты элге ачык айтам.

Мен мындан ары кыргызстандыктарга өзүмдүн позициямды түшүндүрүп, пикирлештерди тапканга аракет кылам. Биз күчкө салбаган иш-аракеттерсиз эле бара-бара өлкөдөгү кырдаалды жакшы жагына өзгөртө алабыз. Туура, бүгүн Кыргызстанда чындыкты айткан блогерлерди, журналисттерди, коомдук ишмерлерди куугунтуктоо жүрүп жатат. Бирок чындык сөздү эч ким жок кыла албайт. Бирөөсүн камаса, ордуна башкасы келет. Биздин эл эркиндиктин абасынан дем алып көнгөн жана муну эч ким андан тартып ала албайт.
 Акыркы үч жылда мен жашоодогу көп нерселерди кайрадан ойлонуп, аң-сезимимден сыдырып чыктым. Абактагы жашоонун атам замандан бери келаткан “ишенбе, коркпо, сураба!” деген айныксыз эрежеси бар.
Менин да бирөөнөн бир нерсе сурайын деген оюм жок” деп жазган ал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер